Шайлоо жакындаган сайын дүйнөнүн күлкүсүнө кабылган талапкерлердин саны азайып барууда. Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаров биринчи жана экинчи болуп президенттикке талапкер катары катталгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн алышты. Булардын катарында М.Султанов, А.Калматов, Т.Асанбеков, Р.Оморов, Ө.Суваналиев, К.Байболов жана Ш.Медетбеков бар. Ал эми Нариман Түлеев жана президенттиктин эки жолку талапкери Токтайым Үмөталиева БШКнын элегинен өтпөй калып, аны сотко берүүгө даярданып жатышат. Борбордук шайлоо комиссиясы Түлеевдин чогулткан 136 миң колунун 21 миңин гана жарамдуу деп тапкан. Ушул сыяктуу тагдыр Аскарбек Абышев, Уланбек Сооданбеков, Калыбек Арабаевдин башына түшкөн мүшкүл болду. Дагы бир талапкер Арсланбек Малиев тил сынагынан өтпөй калды.