«Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкерлигин алып салышы мүмкүн». Гезитибиз басууга кетерде ушундай күбүр-шыбыр тарады. Бул тууралуу билдирүүнү «ата мекенчи» 23-сентябрда жарыялашы ыктымал.
"БИЗ АРТКА КАЙТУУГА ЖОЛ БЕРБЕШИБИЗ КЕРЕК!”
Эл өкүлү "өткөн кландык бийликти көксөгөн реваншисттик күчтөр тактыга келүүгө аракет кылышууда" деп тынчсызданып турган чагы. Анын талапкерлигин алышы мүмкүн экендигин да ушул тынчсыздануу менен байланыштырып жатышат. Ал демократиялык өнүгүүгө умтулган күчтөрдүн башын бириктирип, "бакиевщинанын" реванш алышына бөгөт коюуга аракет кылат деп күтүлүүдө. Так талашка түшүүдөн баш тартса, анда негизги себеби ушул болушу мүмкүн.
Өмүрбек мырзанын билдирүүсүндөгү урунттуу учурларга маани бурабыз: “Демократиялык реформалар үй-бүлөлүк-кландык режим менен байланышып, чырмалышкан чиновниктер тарабынан айыгышкан каршылыкка тушукту. Мурунку президенттин жакын айланасында жүргөн чиновниктер жаңы бийликти күч менен оодарып түшүүгө кайра-кайра далбастап жатышты. Апрель, май айларында Кыргызстандын түндүгүндө жана түштүгүндө провокация жасалып, анын натыйжасында кайрадан айыпсыз адамдардын каны төгүлдү. А июнь айында иш жүзүндө бийликсиз калган Ош, Жалал-Абадда улутчул маанайдагы радикалдардын уюштуруусу менен улут аралык жаңжал чыкты. Бул трагедия Убактылууөкмөттүн жана ага кирген партиялардын рейтингин түшүрдү. Анын ичинде “Ата Мекендин” да.
Бул кырдаалды реваншисттик мүнөздөгү саясатчылар пайдаланып, алар бирдиктүү фронтко биригүү менен көңүлү чөккөн шайлоочулардын басымдуу бөлүгүнүн колдоосуна жетишишти. Шайлоонун жыйынтыгында, Жогорку Кеңешке Курманбек Бакиевдин санаалаштары эсептелген жоон топ чиновниктер депутат болуп келди.
Жакында Медет Садыркуловдун өлүмүн иликтөөдө мурдагы бийликтин чыныгы жүзү ачылды. Бакиевдин жакындары, бир туугандары аны уурдап, кыйнап, өлтүрүүнү алдын ала пландаштырып, ага түздөн-түз катышышкандыгын, ошондой эле жогорку рангдагы мамлекеттик чиновниктер жана генералдар кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен биргелешип аракеттенишкендигин тергөө аныктады. Ал режим мамлекетти кылмыш уюмуна, мафияга айланткан болчу.
Бүгүн, 7-апрель революциясынан бери бир жарым жыл убакыт өткөн кезде эски режимдин тартип, жол-жоболорун кайра калыбына келтирүү коркунучу мурда болуп көрбөгөндөй реалдуулукка жетишти. Мурдагы президенттин жакын айланасында жүрүп, кылмыштуу үй-бүлөлүк-кландык режимге берилип кызмат кылган саясатчылар дагы президенттикке талапкер болуп чыгышты. Алар бийликтин авторитардык, үй-бүлөлүк-кландык системасын кайра орнотууга ниеттенгендиктерин жаап-жашырып жатышкан жок. Биз моюнга алууга аргасызбыз, Кыргызстандын шайлоочуларынын ичинде бул саясатчылардын да колдоочулары аз эмес.
Мындай шартта прогрессивдүү күчтөр биригип, шайлоодо бирдиктүү фронт менен чыга албай койгон өткөн жылдын катачылыктарын кайталоого акыбыз жок. Ал өзгөрүштөр үчүн берилген добуштардын бөлүнүп-чачылып, жоголушуна алып келген болчу. Ошол каталыкты кайталабоо үчүн мен шайлоодо президенттикке өз талапкерлигимди алып салдым."
“КҮЧ ТҮЗҮМДӨРҮН ТАЗАЛООГО УБАКЫТ ЖЕТТИ”
Депутаттар ушинтип билдирүү таратууга жетишишти. Мунун баарына маркум Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишинин ачылышы себеп болду. Ооба десең, шектүү адамдардын тизмесин караган адамдын чачы тик турбадыбы. “Ишенген кожом сен болсоң...” демекчи, өлкөдөгү бараандуу саясатчынын көзүн тазалоого катыштыгы далилденсе, бул ИИМ, Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкармалык, Мамлекеттик коргоо кызматы жана чек арачыларды түп тамырынан реформалоо зарылдыгы даана көрүнөт. “Генералдардын киши өлтүрүүгө байланышы тастыкталса, анда катардагы кызматкерлеринен кайсы жакшылыкты көрмөк элек?” деген суроо туулбай койбойт.
ВОДОЛАЗ КИМДЕН КОРГОНУП “ЧЕП” КУРУП АЛГАН?
Эки аптадан бери жылдызы жанып жаткан Мелис Турганбаевдин айтымында, Кыргызстанда уюшкан үч кылмыштуу топ бар. Алар Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Максат Абакировго таандык. “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев: “Водолаз” деген каймана аттуу Максат Абакировду жигиттери автомат менен катуу кайтарууга алып, Ысык-Көлдөгү туулган айылынын четине шлагбаум орнотуп алыптыр”,- деди.
Депутат кримчөйрөнүн бул өкүлү ар бир саясатчы тууралуу саймедиреген чоң интервью бергенине токтолуп, "биз мындайга жол бербешибиз керек, ал эле эмес, кримчөйрөнүн өкүлдөрүнүн маектери ММКларга жарыяланышына тыюу салуу зарыл",- деди.
Азыр экс-президент Курманбек Бакиевдин учурунда саясат менен криминалдын бекем байланышта болгону дембе-дем айтылууда. Өмүрбек Текебаев башынан "бакиевщинага" каршы болгону белгилүү. Аны менен кошо очор-бачар болуп, гүлдөп өнүккөн кримдүйнөнү тыптыйпыл кылуу эң башкы миссиясы экенин танбай айтып келет.
Турдугүл Каримова
politika@super.kg