Өзүң жаса
Күз мезгили кандай сонун! Түркүн түстүү жалбырактын түрүн тапсаң болот. Өкүнүчтүүсү, жерге түшкөн жалбырактар тез эле куурап, ушаланып, кышка чейин жок болот. Анткен менен өзүң үчүн аларды жыл бою сактап калууга болорун билесиңби? Анда ишке кириш. Ал үчүн бизге жалбырак, майда, түстүү мончоктор, суюк желим, рамка жана катуу, түстүү картон кагазы керек болот. Алгач ар түрдүү формадагы 3-4 жалбыракты алып келип китептин арасына салып койсоңор, бир нече күндө тегиз болуп кургап калат.
– Апа, мага жыйырма сом берчи, тетиги байкуш абышкага берип коёюн.
– Акылдуум десе! Кайыр сураган абышкаларга кээде жардам кылып койгон жакшы. Кана ал абышка?
– Тетиги жерде балмуздак сатып отурат.
Апенди сууга түшүп жатып “өзөндүн аркы бетине сүзүп өтүп кетем” деп досу менен мелдеше кетет да, сүзүп жөнөйт. Бир топтон кийин, жээкке жакын калганда “чарчадым, мен жеңилдим” деп кайра артка сүзүп жөнөптүр.
Небереси чоң энесине:
– Чоң эне, чоң эне, сиз канча жаштасыз?
– 60 жаштамын, балам.
– Ал канча? Манжаларың менен көрсөтчү...
ЖАНЫБАРЛАР ДҮЙНӨСҮНДӨ
Бир килограмм бал топтоо үчүн бир аары 2 миллион гүлгө конуп чыгат.
Дельфиндер бир көзүн ачып укташат.
Жылан үч жыл бою эч нерсе жебей, кыймылдабай уктай алат.
Денесине салыштырмалуу эң чоң мээнин ээси – кумурскалар.
Үлүлдүн 25 миңдей тиши бар.
Төө куштун бир жумурткасы бир жарым килограммга чейин жетет. Аны сууга кайнатса, 40 мүнөттө бышат.
Чычкандар жер бетинде адамдардан 48 миллион жыл мурун пайда болуптур.
Дүйнөдө иттин 400дөн ашык түрү бар.
Пингвин – уча албаган жалгыз гана канаттуу.
Акыранын тили кара болуп, анын узундугу 45 сантиметрге жетет.
Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg