Конок тосууда дасторкон жаюунун, стол жасоонун, мейманды сыйлоонун өз эрежелери бар. Аны билип алуу эч кайсы кожоюнга, кожойкеге артыкчылык кылбайт. Тескерисинче, келген конокко жагымдуу маанай тартуулап, көңүлүн көтөрөт деген ойдобуз.
1-кадам.
КОНОКТОРДУ ЧАКЫРУУ
Той-топур сыяктуу чоң мааракелерге коноктор 3-4 жума мурун чакырылат. Анчалык маанилүү эмес болсо бир жума мурун, ал эми бир нече жакын адамдарыңыздын башын бириктирип кечки тамакка чакыргыңыз келсе, бир нече күн мурун атайын жолугуп же телефон аркылуу чакырышыңыз керек.
Yйгө конокторду чогултарда чакырылгандардын көпчүлүгүнүн кызыкчылыгы менен эсептешүү керек. Эгер бир адамдын келишин көпчүлүк жактырбаса, анда ал адамды чакырбай эле койгон оң.
2-кадам.
ДАСТОРКОН ЖАЮУ
Cтолду жасоо
Алгач столду жайгаштырып алабыз. Адегенде ага клеёнка жаап, андан соң дасторкон жайыңыз. Себеби ысык же майлуу нерсе төгүлсө, столдо так калбайт. Жерге дасторкон жайганда деле ушундай кылуу зарыл, килем, палас булганбайт. Дасторкондун ак же ачык гүлдүү түстө болгону дурус.
Идиштердин түрлөрү
1. Нан, торт салууга арналган тарелка.
2. Балык үчүн айры. Эгер дасторкондо балыктан жасалган тамак жок болсо, анда коюу зарыл эмес.
3. Чоң айры (экинчи тамак үчүн).
4. Чоң тарелка. Отуруштун аягына чейин таза бойдон калат, анын үстүнө башка тарелкалар коюлат.
5. Орточо тарелка (экинчи тамак үчүн).
6. Чуңкур тарелка (биринчи тамак үчүн).
7. Чоң бычак (чоң айры менен кошо экинчи тамак үчүн колдонулат).
8. Аш кашык (биринчи тамак үчүн).
9. Балык үчүн бычак.
10. Коньяк үчүн бокал.
11. Суусундук үчүн бокал.
12. Шарап үчүн бокал.
13. Шампан үчүн бокал.
Дасторконду туура сервиздөө
Идиштерди жайгаштырууда алардын түз жайгашкандыгына көңүл буруу шарт. Столдун чети менен идиштин ортосунда эки сантиметр аралык калтыруу керек. Ал эми идиш-аяктар бири-биринен аралыгы бир сантиметр алыстыкта коюлушу туура. Эреже боюнча, алгач атайын чоң тарелка, анын үстүнө салат үчүн тарелка коюлат. Бычак, кашык, айрыларды дасторконго койгон даамдарыңыздын түрүнө карата тандап алыңыз. Мисалы, суюк тамак бере турган болсоңуз – аш кашык, балык койсоңуз – ал үчүн атайын бычак дегендей. Булардан сырткары дасторкондун орто жерине туз, мурч салынган идиштерди атайын кичинекей кашыктары менен коюп коюуну унутпаңыз.
Ошондой эле өңү дасторконго окшош кездемеден кол аарчыларды тарелкалардын ичине же четине фантазияңызга жараша бүктөп салууну унутпаңыз. Эгер кагаз кол аарчыгыч койгуңуз келсе, атайын салгычка же бокалга салып коюу керек.
Бокалдарды тандоо жана жайгаштыруу
Бокалдарды жайгаштыруунун да өзүнчө жол-жобосу бар. Алар тарелканын оң тарабындагы шаймандардан кийинки катарга коюлат. Булар ичимдиктин күчтүүлүгүнө карата тизилет. Алгач суусундук куюлуучу, кийин шарап, арак ичилүүчү бокалдар.
Ошондой эле ичимдиктин түрүнө карата бокалдарды тандоого үйрөнүңүз. Мисалы, суусундуктар, ширелер үчүн түбү тегиз, узун стакандарды колдонуу керек. Ал эми коньякты асты жайык келген, үстү жагы кууш болгон бокалга куюу талапка ылайык. Ал эми шараптын түрлөрү үчүн буту бар, көлөмү чоң бокал колдонулса, эң узун бокалга шампан куюлууга тийиш. Аракты болсо көлөмү жактан эң кичинекей болгон рюмкага куюу туура.
Ичимдик жана закуске
Кийинки кезек дасторконго мөмө-жемиштерди, таттууларды, салаттарды, закускелерди (чучук, колбаса, сыр, килкилдек жана башкалар), ичимдиктерди, суусундуктарды коюуда. Буларды конок келерге 15-20 мүнөт калганда коюу туура. Салат жасоодо буларды эсиңизге алыңыз: бир салатыңызды майонез кошуп жасасаңыз, экинчисине майонез кошулбай турган башка түрүн жасаңыз. Анан да бир салатыңызга кошулган азык экинчисинде болбогону дурус. Мүмкүн болсо закускелерди ичимдиктин түрлөрүнө жараша жасоого аракеттениңиз. Мисалы, ак кургак шарапка – балыктан, кызыл кургак шарапка – малдын, куштун этинен, аракка – туздалган жашылчалардан жасалган закускелерди жасоо керек. Ал эми шампанга таттуулар менен жемиштерди коюу туура. Ак жана таттуу кызыл шарап, вермут жана сыра муздак, коньяк бөлмө температурасында болушу шарт.
3-кадам.
ТОСУП АЛУУ, СЫЙЛОО
Yйгө эң биринчи келген конокту кожоюн менен кожойке тосуп алат. Анын артынан эле келгендерди кожойке тосуп алат. Ал эми кожоюн конок бөлмөдө биринчи келген меймандар менен алек болот. Калган конокторду ата-энесинин ордуна үйдүн улуу балдары тосуп алса болот. Yй ээлери келген коноктордун сырткы кийимдерин чечкенге жардам берүүнү унутпашы зарыл.
Отурууга келгенде үй ээлери конокторго дасторкон четинен орун алууну сунуштайт. Коноктор баары жайланышып отуруп бүтмөйүнчө өздөрү туруп туруулары шарт.
Келген коноктордун арасында бири-бирин тааныбагандар болсо, аларды тааныштырууну унутпаңыз. Кичүүнү улууга, жөнөкөй кызматкерди жетекчиге, эркекти аялга.
Коноктор келгенден кийин 30-40 мүнөттөн кийин биринчи тамагыңызды берсеңиз болот. Анткени алар бул аралыкта бири-бири менен сүйлөшүп, бир чыныдан чай ичүүгө үлгүрүшөт. Биринчи тамакка шорпо, пельмен, лагман сыяктуу суюк тамактар сунушталат. Ал эми экинчи тамакка палоо, манты сыяктуу коюу тамактар сунушталат. Экинчи тамак биринчи тамактан кийин 1 саат аралыгында берилүүгө тийиш. Конок тосуу арасында кожойке конокторду жемиштер, таттуулар менен сыйласа, кожоюн бокалдарды толтуруп, тамеки чеккендерге кам көрүп турат.
Ичимдиктерди кайсы учурда берүү туура? Конок келери менен ичимдик сунуштоо туура эмес. Негизинен, ичимдиктер биринчи тамактан кийин берилет. Ичимдик куюуда аларды мелт-калт кылып бокалдын кырына чейин толтурбаңыз. Чоң бокалдардын үчтөн бирине, кичине бокалдардын жарымына чейин же андан бир аз өйдөрөөк куюлат.
Дагы бир эске алчу нерсе, конокту жалгыз калтырып турууга болот, бирок үч мүнөттөн ашык эмес.
4-кадам.
КОНОКТОРДУ УЗАТУУ
Кожоюн меймандар кетип баратканда ар бирине кешик салып берип узатышы керек. Бирок эшикти коноктун өзү ачканы туура. Ача албай жатса гана үй ээси жардамдашса болот. Кожоюндун коноктордун ар биринин кийимдерин кийгизип, кам көрүп, атүгүл жалгыз бой аялдарды таксиге салып же үйүнө чейин жеткирип келүүсү эрежеге туура келет.
5-кадам.
ҮЙДҮ ЖЫЙНОО
Мейман узагандан кийин канчалык чарчасаңыз да, дасторконду жыйноону эртеңкиге калтырбай баарын жыйнап, идиштерди жууп, бөлмөнү шыпырып, андан кийин гана эс алууга камыныңыз.
КОЛБАСА ЗАКУСКЕСИ
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Колбаса (ветчина) – 300 грамм
Сыр – 100 грамм
Сууга бышырылган жумуртка – 3 даана
Укроп – 1 тутам
Майонез
ДАЯРДОО ЖОЛУ:
«РАНДЕВУ» САЛАТЫ
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Консерваланган жүгөрү – 1 банка
Помидор – 400 грамм
Бадыраң – 400 грамм
Пияз – 2 баш
Сыр же брынза – 250 грамм
Өсүмдүк майы, татымына жараша туз
ДАЯРДОО ЖОЛУ:
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg