Москва шаарына белгилүү актёрлор Антонио Бандерас менен Сальма Хайек “Өтүкчөн мышык” мультфильмин көрсөткөнү келишкен. Эки атактуу актёр аталган мультфильмде башкы каармандардын үнүн кошушкан. Алар маалымат жыйынында мультфильмдин башкы каармандары менен болгон окшоштуктарын айтып, күлкү аралаш шайыр маек куруп беришкен. Актриса Сальма Хайек: “Бул долбоордун үстүндө иштөө абдан кызык болду. Образга кирип алгандан кийин атайын Антонионун жинине тийип, анын кабагындагы тырыштарды көрүүдөн кадимкидей ырахат алып жаттым. Бирок, албетте, мунун баары тамаша болчу”,- дейт.