Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова эмгек мигранттарынын балдары жөнүндө “Тагдырдын өгөй балдары” деген аталышта тасма тартты. Анда Орусияда, Казакстанда иштеген мигранттардын ата-эне мээримине муктаж болгон балдарынын татаал тагдыры чагылдырылат. Фильм Кыргызстандын келечеги туман жаш өспүрүмдөрү тууралуу. Аталган тасма Сейдакматованын ноябрь айында өтө турган 70 жылдык мааракесине карата тартылганын баса белгилей кетели.