КУТТУУ ҮЙ

Жанры – Мелодрама, комедия
Режиссёру – Пхё Мин Су
Сценарийин жазган – Мин Хё Чон
Өлкөсү – Түштүк Корея
Ролдордо – Сон Хе Гё (Хан Жи Юн), Би Рейн (Ли Ен Жи), Хан Ын Чон (Кан Хе Вон), Ким Сон Су (Ю Мин Хьюк)
Чыккан жылы – 2004
Сериясы – 16
Сериялардын узактыгы – 1 саат
Бет ачары – 2004-жыл, 14-июль

ЖЕК КӨРҮҮДӨН СҮЙҮҮГӨ БИР КАДАМ
Хан Жи Юн – жаш жазуучу. Ал жашаган куттуу үй атасынан мураска калган. Бир кездерде сүйүктүү атасы ал үйдү өз колу менен салып, “куттуу үй” деп атап койгон. Анын ата-энеси автокырсыктан көз жумуп, ошондон бери ал үйдө жалгыз жашачу.
Ал эми Ли Ен Жи – Кореяда белгилүү жана популярдуу актёр. Абройлуу, өзүнө ишенген, “жылдыз” оорусунан жабыркаган текебер жигит бала кезинен берки досу Кан Хе Вон аттуу кызды тымызын сүйөт. Кан Хе Вон кесиби боюнча дизайнер жана Ен Жинин стилисти болуп да иштейт. Ли Ен Жи чыгынып, сүйүүсү тууралуу Кан Хе Вонго билдирейин дейт, бирок ал экөөнүн бала кездеги досу Ю Мин Хьюкту жактырат.
Жи Юнду кичинесинен берки достору “лотереядан эс алып келүүгө жолдомо уттуң” деген шылтоо менен Шанхайга жиберишип, өздөрү жасалма документтер менен анын атасынан мураска калган үйүн сатып, качып кетишет. Жакын досторунан мындай жорукту күтпөгөн Жи Юн саякаттан келип, үйү жок, көчөдө түнөп калат. Ал “душманыма да мындай досторду каалабас элем” деп ачууланат. Шанхайга баратканда актёр Ли Ен Жи менен бир учакта кетип, бир мейманканага токтоп, таанышып калган эле.
Саякаттан келген соң үйсүз калган жаш жазуучуну актёр үй кызматкери кылып үйүнө киргизип алат. Досторуна алданып калган Жи Юнга боору ооруп, анын үйүн сатып алат. Ен Жи аброюна доо кетире турган басылмалардагы ушактардан арылуу максатында жарым жылга үйлөнүү келишимине кол коюп, Хан Жи Юнга үйлөнөт. Жарым жыл актёрдун үйүндө иштеп, үйдүн акчасын төлөгөндөн кийин экөө ажырашмак. Бири-бирин ит-мышыктай жек көргөн беделдүү актёр менен жаш жазуучу чогуу бир үйдө жашаганга да көнүшөт. Жи Юндун редактору болгон Мин Хьюк да кызды жактырып, сүйүүсүн билдирет. Тасманын соңунда Жи Юн менен Ен Жи бирге калышат.

УЛАНДЫСЫ БАР
«Куттуу үй» телесериалы Түштүк Кореяда рейтинги боюнча алдыңкы саптарда турат. 2004-жылдын эң популярдуу телесериалынын сюжети өтө жөнөкөй болгонуна карабастан, азыркыга чейин көгүлтүр экрандан кайталанып көрсөтүлүп келет.
Сериалдын мазмуну кайталанма болсо да, көрүүчүлөрдү тажатпастан, тескерисинче, учурда сериалдын экинчи бөлүмүн чыдамсыздык менен күтүп жатышкан чагы. Эскерте кетсек, сериалдын экинчи бөлүгү 2011-жылдын жаз айларынан баштап тартыла баштаган. Бирок актёрдук курам өзгөрүлөрү алдын ала айтылган.

АЗИЯНЫ БАГЫНТЫП...
«Куттуу үй» сериалынын аудиториясы Корея менен гана чектелип калган эмес. Азияда, Европада, жадакалса Латын Америка өлкөлөрүнө чейин кеңири жайылган. Теленовелла Кытайда популярдуулуктун туу чокусуна жетип, сериал 2007-жылы экрандан көрсөтүлгөндөн кийин фильмдин саундтрегин Пекиндин ар бир бурчунан угууга мүмкүн эле.
Сериалда негизги ролду аткарган актриса Сон Хе Гё 2009-жылы гонконгдуктар тарабынан “Эң сүйүктүү корей актрисасы” деп табылган. Кореяда эң жогорку суроо-талапка ээ ырчы Би Рейн болсо аталган сериалда мыкты актёрдук чеберчилигин көрсөткөн. Белгилүү ырчыны “Азиянын Жастин Тимберлейки” деп да аташат. 2006-жылы «Time» журналы ырчыны дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 адамдын катарына кошкон. 2007-жылы «People» журналы Би Рейнди эң сулуу 100 адамдын катарына киргизген. Мындан сырткары ырчы 2008-жылы Голливуддун “Жарышчы”, 2009-жылы “Ниндзя-адам өлтүргүч” тасмасында башкы ролду жараткан.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • Сериал Сары деңизде жайгашкан Си аралында тартылган. Аралдагы Суги пляжына сериал чыккандан кийин миңдеген туристтер агылып келе баштаган.
  • Аталган сериалдан атак алган ырчы Би Рейн менен актриса Сон Хе Гё экинчи бөлүмүнө катышпай калышы толук мүмкүн.
  • “Кореялык атактуу жаш актёр Но Мин У сериалдын экинчи бөлүмүндө башкы каармандын ролун жаратат” деген божомолдор бар.
  • “Куттуу үй” сериалы Филиппин, Малайзия, Индонезия, Сингапур, Вьетнам, Таиланд, Кытай, Япония, Тайвань жана АКШда көп көрсөтүлгөн.
  • Ырчы жигит Би Рейн сериалдагы ролу үчүн “KBS Drama Awards” сыйлыгынын “Артыкчылык” наамын жеңип алган.
  • Сериалды тарткан “Kim Jong Hak Productions” компаниясы экинчи бөлүмгө алынган актёрдук курам жана уюштуруу иштери жөнүндө айтуудан баш тартып келишет.

Лунара Бекиева
kino@super.kg

 Кыстарылган видео 
Тасма таржымалы - "Жайлуу үй" сериалы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
engel
2011-10-04 19:25:29
oo obajayu ushul serialdy korguloo
0
Kishimjan
2011-10-06 14:07:51
жакшы
0
Tolya80
2011-10-07 19:01:29
ооба аябай кызыктуу, ары кулкулуу фильм
0
№ 465, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан