Кыш түшкөндө үйдүн жылуу болушу кандай гана жагымдуу. Бирок үйдү жылуу кармоо үчүн ошончо отун керектелет. Ал эми азыркы кымбатчылыкта отун алууга каражаттын тартыштыгынан бир бөлмөнү жылытып, кышы бою баары ошол бөлмөдө тыгылган күндөр да болот. Бүгүн биз сөз кылуучу мештер мындай көйгөйдөн чыгуунун жолу катары сунушталат. Мындай мештерди кантип жасап алса болорун үйрөнүп алыңыздар.
МЕШТИ ОРНОТУУ
Бул меш адаттагыдай бир бөлмөнү гана эмес, үйдүн ичиндеги бардык бөлмөлөрдү жылытууга ыңгайлаштырылып жасалган. Ошондой эле кышка кетүүчү отундун чыгымын 50 пайызга чейин кыскарта алат. Бирок үйдүн жылчык-тешиктерин сөзсүз бүтөө керек.
Жогорудагы эффективдүү жылуулук берүүчү мештерди жасоонун жолдорун “САМР alatоо” коомдук фондунун ассистент-координатору Улар Кокоев көрсөтүп берди.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg