АЙНАНЫ КАНТИП ТУУРА ТАНДОО КЕРЕК?

Кийим – адамдын көркү. Ал эми таза кийим анын көрктүүлүгүн арттырып, айланадагы адамдарга жакшы маанай да тартуулайт эмеспи. Ошол кийим-кечени жууганда кандай айна колдонуу керек жана кийимдеги такты кантип кетирүү тууралуу сөз кылалы.

АЙНА КАНДАЙ ЗАТ?
Айнанын негизин кир кетирүүчү сырткы активдүү зат (САЗ) түзөт. Бул заттар кездемедеги майланышкан кирлердин бөлүкчөлөрүн жумшартып, анын кездемеден бөлүнүп чыгышын шарттайт. Айнадагы САЗдын активдешүүсү, кирдин кайра кездемеге жабышып калбашы жана сууну жумшартуу үчүн айнага кошумча фосфат химиялык заты кошулат.
Жөнөкөй айналар чай, кофе, май, жемиштердин жана башкалардын тактарын кетирүүгө күчү жетпейт. Андыктан мындай тактарга курамында биологиялык активдүү заттар – энзима деген кошулмасы бар агартуучу каражаттарды колдонуу керек.

БИОКОШУЛМАСЫ БАР АЙНАЛАР
Аталган айна оңой менен кетпей турган май, кан, сүт, жумуртка өңдүү белок тутумундагы тактарды кетирүү үчүн чыгарылган. Бул айна муздак же 40 градустан ашпаган жылуу сууда гана колдонулууга тийиш. Эгер суунун температурасы көрсөтүлгөн чектен жогору болсо, анда анын курамындагы заттардын активдешүүсү начарлап, кирди кетирүүчү касиетинен ажырайт.
Эсиңизде болсун, биокошулмасы бар айна менен жибек жана жүндөн токулган кездемелерди жууганга болбойт. Ошондой эле курамында фосфат кошулмасы бар айна адамдын терисине зыян алып келгендиктен, айналуу сууга колду көпкө салууга болбойт.

КИР ЖУУГУЧ МАШИНАГА КАНДАЙ АЙНА КОЛДОНУУ КЕРЕК?
Кир жуугуч машинага аз көбү­рүүчү атайын айналарды гана колдонуу керек. Себеби адаттагы айналар көбүрөөк көбүктөнгөндүктөн, көбүктөр кир жуугучту иштен чыгарып коюшу мүмкүн.
Ал эми кирди кол менен жууй турган болсоңуз, кир жуугуч машинага деп чыгарылган айна да жарай берет. Эгер колуңузду тилип алган болсоңуз, кир жуубай турганыңыз оң. Себеби айнанын курамы зыяндуу химиялык заттардан тургандыктан, теринин кесилген бөлүгүнүн этин күйгүзүп жиберет.

КИЙИМДЕГИ ТАКТЫ КЕТИРҮҮНҮН ЖОЛДОРУ

  • Кийимдин так болгон жерин спиртке 15 беш мүнөттөй салып, андан соң айна кошулган жылымык сууга жууса, так бат кетет.
  • Сыра жана шарап төгүлгөн такты аракка жылуу суу чабыштырып, чүпүрөк менен сүртсө, оңой кетет.
  • Какао менен шоколаддын тагына майда тузду сээп, үстүнө жылуу суудан куюп, 15 мүнөттөн кийин ысык сууга жууңуз.
  • Өтө кирдеген гүлдүү кийимдердеги тактарды кетирүү үчүн так калган жерге үтүктү бир аз жылытып басып, андан соң лимондун ширесине нашатырь спиртин аралаштырып жууса, кийимдин өңү жакшы сакталып калат.
  • Кийимдеги ар кандай тактарды кетириш үчүн аны Кока-Колага чылап, 2-3 саатка коюп коюу зарыл. Андан кийин кадимкидей жууй бересиз. Кадимки кир жуучу айнага Кока-Коланы кошуп кир жуусаңыз, кир тез жана жакшы кетет.
  • Кийимдин үтүктөн саргарган жерин кетириш үчүн пияздын маңызын сүртүп, бир нече сааттан кийин жууса кетет.
  • Техникалык же өсүмдүк майынын тагын кетирүүгө бензиндин жардамы чоң. Так болгон жерди бензинге 10-15 мүнөтчө салып, андан соң ысык суу менен жууп, таза чайкап, күнгө жайып коюңуз.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
jamek10
2011-10-03 23:34:07
негедир кокаколага кир тактар кетет дегенине ишеналбай жатам. Бул эмне тамашабы?
0
Muratbei
2011-10-04 07:12:27
jamek10, bir synap korolu,balkim chyndyk bolup jurbosun tuugan.
0
engel
2011-10-04 23:14:10
ishenesinerbi kolaga sagyz je kadimki etti salsa bir azdan k-n eerip jok b-p ketet eken ugup oozum achyldy demek kirdi da ketiret
0
nuka77
2011-10-07 13:28:33
демек, кока-кола ички организмдерди да ээритип жибериши толук мумкун!
0
nuka77
2011-10-07 13:30:49
"кока-кола" деген созду тескерисинен окуса "АЛЛАХ жок" деген маанини берет экен деп уккам. Ошондуктан кока-кола ичким келбейт.
+1
Arman
2011-10-09 16:13:02
nuka77, tuuru any i4kenge takyr bolboit,kaafyrlardyn kylgany,musulmandarga zyian jetiwin kaalait,takyr ichpegile
0
asil8888
2011-11-11 01:03:33
ой тообо кока кола дейби,болушу мумкун эмес
0
№ 465, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан