ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Орусия

ПУТИН КАЙРАДАН ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕР
Орусиянын мамлекет башчысы Дмитрий Медведев 2012-жылы жазында өтүүчү президенттик шайлоого Владимир Путиндин талапкерлигин көрсөтүүнү сунуш кылды. Мындай билдирүүнү ал “Единая Россия” партиясынын съездинде айтты. Ал эми быйылкы жылы декабрга белгиленген Мамлекеттик Думанын шайлоосунда президент аталган партиянын тизмесинин сап башында болмокчу. Эгерде “Единая Россия” эки шайлоодо тең жеңишке ээ болсо, анда Дмитрий Медведев менен Владимир Путин “креслолорун” алмаштырып калышы ыктымал.

Казакстан

БЕНЗИНДИН БААСЫ АСМАНДООДО
Коңшу өлкөдө жыл сайын 80 миллион тонна мунай чыгарылып, нефтини кайра иштетип чыгаруучу үч завод болгонуна карабастан, күйүүчү майдын таңсыктыгы сезилип, анын баасы жогорулоодо. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери баа 21 пайызга көтөрүлгөн. Атырау, Павлодар жана Шымкенттеги үч завод жылына 21,5 миллион тонна нефтини иштеп чыгарат. Өлкөнүн жалпы керектөөсү 14 миллион тоннаны түзөт. Эксперттер «24 күйүүчү май сатуучу компаниялар бийликте иштегендерге же алардын туугандарына таандык болгондуктан, баа бийлик тарабынан көзөмөлгө алынбай келет» дешүүдө.

Сауд Арабия

ЭМИ АЯЛДАР ДА ДОБУШ БЕРҮҮГӨ УКУКТУУ
Сауд Арабияда мындан ары аялдар добуш берүүгө жана талапкер катары шайлануу укугуна ээ болушат. Бирок бул жергиликтүү шайлоолорго гана тиешелүү. Мындай чечимди Сауд Арабиянын падышасы Абдулла ибн Абдель Азиз Ал Сауд билдирген. 29-сентябрда өтүүчү муниципалдык шайлоого аялдар катышууга жетишпей калышты. Эми алар 4 жылдан кийинки шайлоодо ат салышууну башташат. Эске салсак, Сауд Арабияда аялдар добуш берүү бери турсун, автоунаа айдоо жана жалгыз жүрүү укугунан ажыратылган.

Йемен

32 ЖЫЛ БАШКАРГАН АЖО БИЙЛИКТЕН КЕТЕТ
"Йеменди башкаруу – жыландардын арасында бийлөө сымал” деген сөзү менен белгилүү болгон президент өз кызматын таштоого даяр. Али Абдулла Салехтин бийликтен кетүүсү аны көп жылдар бою колдоп келген Перс булуңундагы Араб өлкөлөрүнүн кызматташуу биримдиги тарабынан сунушталган пландын негизинде ишке ашмакчы. Анын негизинде Салех өз каалоосу менен бийликтен кетип, ага жана анын үй-бүлөсүнө кол тийбестик кепилдиги берилет. Ошол эле учурда диктатордун уулу жаңы түзүлгөн бийликтин курамына киргизилиши керек. Эске салсак, 2011-жылдын январь айынан бери анын бийликтен кетүүсүн талап кылган эл менен аскерлердин кагылышуусунан 1500 адам каза тапкан.

Ливия

ТҮРМӨДӨ МИҢДЕН АШЫК АДАМ АТЫЛГАН
Өлкөнүн борбору – Триполи шаарынан 1300 адам көмүлгөн жер табылганын көтөрүлүшчүлөр билдиришти. Алардын маалыматына ылайык, 1996-жылы 28-июнда Абу-Салим түрмөсүндө көтөрүлүш чыккан. Көтөрүлүшчүлөр бийликтен түрмөнүн абалын жакшыртууну талап кылышкан жана көтөрүлүш учурунда көзөмөл кызматчысын барымтага алышкан. Ошондон улам бийлик 1300 адамды атууга буюрган.

Пакистан

АКШ ӨЗҮНӨ ӨЗҮ КОЛ САЛУУДА
Пакистандын Тышкы иштер министри Хина Раббани Хар АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгын “террорчулукка катыштыгы бар” деп күнөөлөөдө. Анын айтымында, 13-сентябрь күнү Кабулда АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын өкүлчүлүгүнө “Хаккани” террордук тобу тарабынан кол салынган. “Ал америкалык атайын кызмат тарабынан уюштурулган, бул ишти өздөрү жасаган” деп айыптоодо. Мындан мурда АКШ бийлиги Пакистандын Ведомстволор аралык чалгындоо органынын “Хаккани” тобу менен байланышы бар деген эле.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 465, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан