ГРУЗИЯ КАНТИП РЕФОРМА ЖАСАЙ АЛДЫ?

(Башталышы өткөн сандарда)

Грузияда реформаларды ишке ашыргандар министрлик же мекемелерде иштеп жаткан академиктерди, карып, пенсияга кете тургандарды иштен кетирүү үчүн кыйналышканы тууралуу мурдагы санда айтканбыз. Жумушчулардын санын кыскартып, жыйынтыктуу иш алып баруу үчүн реформаторлор ар бир мекеменин максатын жана өлкөгө кандай жардам бере алышарын такташкан. Мисалы, Давид Чантладзе (2007-2008-жылдары Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстары министри) өзү жетектеген министрликке караган департамент башчыларына жасаган иштеринин максатын бир баракка жазып берүүнү өтүнгөн. “Так, кыска жана нуска болуу үчүн бир баракка дедим. Натыйжада, кээ бир департаменттерде де-факто жок экен. Албетте, аларды жумуштан кетирүү кыйынга турду. Башка аргабыз жок эле. Эгер мындай “максаты же иши белгисиз” департемантти иштете берсек, бир күнү алардын бүтүндөй иши жокко чыкмак”.
Ар бир министрлик өз приоритеттерин так аныктап алышы керек эле. Бул боюнча Каха Бендукидзе мындай дейт: “Бардык министрлердин жардамчыларын топтоп, келечектеги иштөө максатыңарды жазып бергиле дедим. Жыйынтыгында Коргоо министрлигинен башкасы “нөл” деген баага татыды. Экономика министрлигинде кедейликти жоюу үчүн 600 приоритет жазылыптыр. Мындай учурда кантип бюджеттин натыйжалуулугун биле алабыз? Алар мага көп барактан турган документ даярдап беришти. Бирок ал иштер чыныгы жашоодо аткарылмак эмес. Жыйынтыгында “Негизги маалыматтар жана багыттар” деген жалпы документ даярдалып, приоритеттер аныкталды жана бюджетти пландоо да эске алынды”,- деп эскерет.
Бюджетти пландоону өзгөртүүдө да алар чоң ийгиликтерге жетишишкен. Мынакей, алар кызматка талапты катуу коюу менен жаңы адамдарды алышты. Ар бир мамлекеттик мекеменин максатын так аныкташты. Эми аларга жумушка алган кызматкерлерди камсыз кыла турган жабдыктар же акча каражаты жана аларга жетиштүү эмгек акы бериш керек болчу. Мыкты адистерди тартуу үчүн эмгек акыларды көбөйтүү зарыл эле.
2005-жылдын январь айынан баштап мамлекеттик мекемелерде иштегендердин эмгек акысын реформалоо боюнча иштер башталган. Бирдиктүү тариф сеткасы бузулуп, министрлердин эң жогорку эмгек акысы 1800 доллар, эң төмөнкүсү 70 долларды түздү. Буга чейин менчик ишканада эмгектенгендердин маянасы мамлекеттик ишканада иштегендердикине караганда жогору болчу. Министр 63 доллар, а жөнөкөй кызматкери 17 доллар алар эле. Ошол убакта эмгекке жарамдуу кишиге жашоо үчүн айына жок дегенде 44 доллар керектелчү.
Демек, мамлекеттик мекемелерде иштегендердин башка жерден да акча алганы ачык эле көрүнүп турат, бирок кайсы жерден? Же коррупция, же мамлекеттик органга жабышып алган бизнеси бар болгон да.
Лили Бегиашвили мындай дейт: “Биз келерки жылга бюджетти бекитип жатсак, кайсы бир агенттиктен бирөө келип жаңы Нива машинасын алыш керек экенин айтып калды. Карасам, алардын мурунку документинде да Нива деп жазылып турат. Сурасам, эскиси сынып калыптыр, жаңысын алыш керек экен. Машина бир жылда сынып калбайт, болгону, мамлекеттик буюмга кайдигер мамиле жасашкан”.
Натыйжада, бир жылдык боюджеттик пландоонун ордуна үч жылга орто тездиктеги пландоого өтүшкөн. Жыйынтыгында 18 министрликтен 13ү калды. Ал эми 52 мамлекеттик департамент министрлик алдындагы мекеме болуп түзүлүп, анын да 34тү калды. Жалпы кызматкерлердин саны эки эсеге кыскарды. Албетте, бардык мамлекеттер ушундай реформалар менен алпурушууда, бирок баары эле натыйжалуу жыйынтык чыгара албайт. Грузиянын мамлекеттик мекемелердеги эң жакшы реформасы Ички иштер министрлигинде болгон. Аны биз эмки макалабызда айтып бермекчибиз.

(Уландысы кийинки сандарда)

Эмил Үмөталиев,
Жаныбек Абидетегин,
Мирсулжан Намазалиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
kizil
2011-10-03 11:05:22
superchiler emne ele gruzinderdi maktap jaktap jatasinar je alar akirin tolop koyushtubu?????
0
Likvidator
2011-10-06 16:41:57
Грузиндерге окшоп реформа жасаш керек . Бирок бизде анда " митинг ", " пикет" деген майрамдар башталат .
0
artelow
2011-10-08 14:53:52
"однобокая" информация, Российские аналитики говорят, что в Грузии почти все плохо, а западные, что там хорошо... а где золотая середина? чтобы оценить уровень полезности таких реформ - надо прожить в Грузии пару лет...
0
№ 465, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан