«02.14» тобу: «ЭКИ СААТТА ЫР ЖАЗЫП, БИР КҮНДӨ КЛИП ТАРТАБЫЗ»

Азыр баш калаабызда “02.14” тобун тааныбаган жан жок болсо керек, жаштардын арасында. Англисче, орусча гана ырдаган бул балдар бизге келип кыргызча, орусча аралаштыра сүйлөп, маектешип кетишти.

МИРЛАН БЕКТУРОВ
Лакап аты – Nel Dyo.
Туулган жылы – 1990-жыл, 7-май.
Билими – Финансы академиясында 4-курста окуйт.
Үй-бүлөлүк абалы – Жүрөгү бош эмес, сүйлөшкөн кызы бар.
Туулган жери – Бишкек шаары.
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын улуусу.
Хоббиси – Табияттын сулуулугун сүрөткө тартканды жактырат.
Кыздардагы баалаган сапаты – Улууларды урматтаган кыздар жагат.
Сыймыктанганы – Мыкты үн жазуучу (звукач) болгону.

ЖАННАТ ТУРУШБЕКОВ
Лакап аты – Жана.
Туулган жылы –1991-жыл, 16-июнь.
Туулган жери – Сокулук району.
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок.
Билими – Орто билимдүү.
Үй-бүлөдө – 2 бир туугандын кичүүсү.
Хоббиси – Күрөш, бокско кызыгат.
Кыздардагы баалаган сапаты – Акылдуу, сулуу кыздар жагат. Бой көтөргөн кыздарды жек көрөт.
Сыймыктанганы – Хит ыр жарата алганы.
Көп колдонгон сөзү – “Вася”. “Досум” деген мааниде колдонот.

ЭРЛАН НЫШАНОВ
Лакап аты – Кристалл.
Туулган жылы – 1992-жыл, 16-февраль.
Үй-бүлөлүк абалы – Cүйлөшкөн кызы бар. Үй-бүлөдө – 2 бир туугандын кичүүсү.
Туулган жери – Бишкек шаары.
Хоббиси – Ыр жана бокс.
Билими – Кыргыз улуттук университеттин кыргыз-кытай факультетинин 3-курсунда окуйт.
Кыздардагы баалаган сапаты – Чынчылдык.
Сыймыктанганы – Жаннат, Мирлан менен бир топто иштеп калганы.
Көп колдонгон сөзү – “Короче”.

– Жигиттер, алгач сөздү топтун жаралуу тарыхынан баштасак...
Эрлан: – 2010-жылы январь айында Мирлан экөөбүз Мирлан Саткымбаевге клип тарттыралы деген оюбузду айтып барганбыз. Ал макул болду. “Don’t leave me” деген ырыбыз Саткымбаевге да жагып калып, чогуу иштешүүнү туура көрдүк. Эми ал жигит биздин продюсерибиз.
Жаннат ошол студияга келип ыр жаздырып турчу. Аны менен студиядан таанышып калганбыз.
– Топтун аталышы бардык эле күйөрмандарыңар­да суроо жаратса керек. Эмне үчүн “02.14”?
Эрлан: – Ошол жылдын 14-февраль күнү чогулуп отуруп калып, Саткымбаев “силерди “02.14” тобу деп атайын деп чечтим” деди. Анда жаңы эле “Don’t leave me” ырына клип тарттырып, Балыкчыдан келгенбиз. Мирлан байке ырыбыз да сүйүү тууралуу болгондуктан, ушул атты сунуштады. Башында бизге жаккан эмес. Азыр жагып калды. Топтун аты эки маанини алып жүрөт. Сүйүү күнү жана топтун түзүлгөн күнү.
– Кандай жагымдуу жаңылыктарыңар бар?
Мирлан: – Азыркы учурда эл алдында ырдалып жүргөн 6 ырыбыз бар. Жакында “P.S. I love you” деген 12-13 ырды камтыган ыр жыйнагыбыз чыгат. Анын бет ачарына сиздер да келип кетиңиздер.
– Эмне үчүн ырларыңар жалаң орус жана англис тилинде, кыргыз тилинде эмес?
Эрлан: – Кыргыз музыкасына жаңы стиль киргизейин дегенбиз. Экинчиден, англис тилинде ырдаган Жаннатка жакшы жарашат жана оңой. Бирок англисче, орусча ырдап алыс бара албайбыз го. Ошону эске алып, кыргызча да ыр жаратып жатабыз. Жаннаттын апасы “Кыргызстан” деген аталыштагы патриоттук ыр жазып берди. Жакында чыгат.
– Ырлардын сөзү, обону кимдин калеминен жаралат?
Эрлан: – Биз баарын өзүбүз жасайбыз. Ырын, обонун өзүбүз жазып, клибин өзүбүз тартабыз.
Жаннат: – Биздин ырлар 2-3 сааттын ичинде эле даяр болуп калат. Клиптер да 1 күндө эле тартылып бүтөт. “Don’t leave me” деген ырыбызга тартылган клип 5 саатта даяр болгон. Бул биздин топтун өзгөчөлүгү деп эсептейбиз.
– Күйөрмандарды топтоп, белек алууга жетишип калдыңарбы?
Эрлан: – Бир кыздан чынжырча ал­гам. Азыр тагынып жүрөм (көрсөтүп).
Жаннат: – Мага көбүнчө футболка белекке беришет.
Мирлан: – Мага андай деле белек берилген эмес. Кичинекей эле белектер. Унутуп да калдым.
– Ырларыңардын баары эле сүйүү тууралуу. Эсте калган сүйүүңөрдү айтып бербейсиңерби?
Эрлан: – Мен бир кыздын артынан 2 жыл чуркап жүрүп жеттим. Буюрса, үйлөнөйүн деген оюм бар. Ашыгыма көптөгөн ырлар арналган.
Жаннат: – Сүйүп көргөн эмесмин.
Мирлан: – Азыр сүйлөшкөн кызым бар. Спорт Ордосунда болгон бир концертте таанышып, бири-бирибизди жактырып калганбыз. Бир жылдан бери сүйлөшүп жүрөбүз.
– Силердин дарекке айтылган эсте калган ушак-айыңдар, сындар...
Жаннат: – Негизинен, жакшы сындар түшөт. Бирок бир жолу сиздердин гезиттин биринчи бетине “02.14” тобу Жаннат деген ырчысынан айрылды” деген темада кабар жарык көрүптүр. Чынында, “Жаннат “02.14” тобунан бөлүнүп кетти” деген мааниде жазылган да. Аны окуп алып туугандарым мени өлүп калды деп ойлоп, чалып алып эле “тирүү элесиңби? Жакшысыңбы?” деп сурай беришти. Көрсө, гезитти окуп алып жаман ойго кетишиптир да. Ошол маалда топтон кетем деп чечкен элем. Жакшылап ойлонуп көрүп, өзүмчө да, топ менен да ырдап чыга бермекчи болдум.
Дагы бир жаман ушак... Менин үнүм­дү кыздардыкына окшоштуруп “голубой” деп да айтышат экен, ошол нерсе жакпайт.
Эрлан:“Ырдай албайсыңар. Жөн эле чыйылдай бересиңер” деп да көп айтышат. Туура, музыка, ырдоо боюнча атайын билим алган эмеспиз. Жөн гана ырдаган жагат. Ошон үчүн ырдайбыз. Туура эмес ырдап жатканыбызды да билебиз. Биз өзүбүзгө жаккандай, өзүбүз каалагандай ырдайбыз.
– Шайлоо да жакындап калды. Кыргыз Республикасынын башына кандай адам келиши керек деп ойлойсуңар?
Эрлан: – Уурдабаган адам келсе эле оңолобуз го.
Мирлан: – Элдин камын ойлогон, жаш, акылдуу адам келиши керек.
Эрлан: – Жок, жаш адам келбей эле, азыркы талапкерлерден эле тажрыйбалуусу президент болушу керек. Анткени алар жеп бүтүштү. Эми каражатты элге жумшап, элди ойлой башташат. Жаш бирөө келсе, ал да жеп-ичип, тойгончо көп убакыт өтөт.
Жаннат: – Кыргыздар окко да каршы тура алат экенин баары түшүнүштү. Андыктан кандай адам келсе да, элден коркуп иштейт деп ойлойм.
– Кандай китептерди окуган жагат? Акыркы жолу окуган китебиңер...
Эрлан: – Фантастиканы жакшы көрөм. Акыркы жолу “Күүгүм” (“Сумерки”) китебинин 4-бөлүгүн окудум.
Жаннат: – Тарыхый китептерди окуганды жактырам. Азыр “Мен жана акча” деген баюунун жолдору тууралуу китепти окуп жатам.
Мирлан: – Негизи, психологиялык китептерди окуган жагат. Акыркы жолу “Алхимикти” окугам.
– Келип маек куруп бергениңерге чоң рахмат. Ишиңерге ийгилик!

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - "02.14" тобу тарабай эле чогуу иштөөнү туура көрүштү.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Tatishka
2011-10-03 12:54:40
Булар кий я?! кайдан чыкты? ачыгы мага жаккан жок!!11
0
jonokoybala
2011-10-03 15:55:23
булар свежий бадриндер...
0
Chromstyle
2011-10-03 20:01:24
бул группаны биринчи угушум качан
0
aslan911
2011-10-05 00:04:11
респект вам пацаны! голоса замечательные, текст очень хороший. ... ноормально такие молодые а поете нормально! респект пацики! ..
0
kgbala
2011-10-06 18:36:54
http://super.kg/media/?type=video&id=51948
0
chika
2011-10-06 19:06:00
кандайча булар ким???эмне кулагынарды тумчулап журөсүңөрбү...кызык адамдар көп эй...
0
Аида
2011-10-06 20:31:33
бир аз гримденип алсаныздар болбойбу,суроттон жана теледен башкача коруносунор а на самом деле ,тушундунор да.
0
nnnnn
2011-10-09 13:22:04
Чын эле булар ким?
0
Syrgak
2011-10-10 07:20:48
баары бутуп, силер калдынар эми. Нормально кыргызча эле ырдагыла да кыргыздын жигиттери болгондон кийин!
0
nightman
2011-10-19 14:43:25
kirgizcha gana yrlar jetiwpeyt a tak vse super!
0
ulan45
2012-06-02 02:29:51
Мика,Жана,Эрлан!!! Балдар,так держать!
0
ulan45
2012-06-02 02:30:37
кантип качатетсе болот!?
0
№ 465, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан