КАДЫРМАН КАРЫЯЛАР, МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

1-октябрь – Эл аралык карыялар күнүнө карата быйыл элине эмгеги менен кошо бүтүндөй өмүрүн арнаган кутман карыяларыбызга кайрылдык. Аларга белек-бечкектер менен барып, жылуу маанай тартуулоо менен бирге батасын алып кайттык.

МАЙРАМКАН АБЫЛКАСЫМОВА,
КРнын Эл акыны
Акын апанын иш бөлмөсүнө киргенибизде андагы дүйнөлүк адабияттын 200 томдук китептер жыйнагына көзүбүз түштү. Анын 20-томунда Кыргыз Эл акыны Майрамкан Абылкасымова өзүнүн бар экендигин айта кетти. Анан да акын апаны учурда “Кыргыз Эл Баатыры” наамына көрсөтүп жатышкан экен. Бул тууралуу: “Колдошобу же татыктуу эмес деп коюшабы, билбедим, бирок тизмеде мен да бар экенимди уктум. Эмнеси болсо да элиме эмгегим ак, жүрөгүм токтоп калганча калемимдин учун кургатпай ыр жаза бермекчимин”,- дейт акын Майрамкан Абылкасымова.

СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ,
КРнын Эл акыны, Эл Баатыры
Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуев быйыл 86 жашта. Анткен менен бир аз ооруп калган күндөрү гана болбосо, чыгармачылыктан алыс эмес. “Башкасын айтпай эле коёюн, мен ыр түрүндө эки роман жаздым. Бири “Курманжан датка”, экинчиси “Раззаковдун тагдыры” романы. Учурда “Курманжан датка” романым орус тилине которулуп, жакынкы күндөрү бет ачар аземи болгону турат”,- дейт Эл акыны.

КҮЛҮЙПА КОНДУЧАЛОВА,
КРнын Эл Баатыры, мурдагы Маданият министри
Кыргыз Эл Баатыры, бир убактагы Маданият министри Күлүйпа Кондучалова апа дагы кадырман карылыкты башынан кечирип турган убагы. Апаны куттуктоо үчүн барганыбызда ооруканадан бир күн мурун эле чыгып келгенин айтты. Анан ыраазычылыгын билдирип, батасын берип, бизди жылуу узатты.

СҮЙҮНБАЙ ЭРАЛИЕВ,
КРнын Эл акыны, Эл Баатыры
Ак калпагыбызды жана таттуу татым менен гүлүбүздү көтөрүп кирип барганыбызда Кыргыз Эл акыны, Эл Баатыры Сүйүнбай ага уктап жаткан экен. Туруп келгиче биз анын иш бөлмөсүндө күтө турдук. Күтүлгөндөй эле китептерге жык толгон бөлмө экен. Келип бизге ыраазычылыгын билдирип, батасын берип, акыркы жаңылыктарын айтып отурду. Жакында агай 90 жаш торколуу тоюн бергени камынып жатыптыр. Аны менен бирге чыгармачылыгы да токтоп калган жок. Карылыктын айынан аткарам деген көп иштери бүтпөй жатканын айтып кейиди.

НУРАК АБДРАХМАНОВ,
КРнын Эл артисти
Комузчу, күүчү Нурак аганы да келе жаткан майрамы менен куттуктап коюуну туура көрдүк. Издеп барганыбызда сентябрь айынын башында болуп өткөн “Улуттун улуу Курултайы” боюнча жыйналышта отурган экен. Эл алдында Нурак аганы куттуктап, белектерибизди тапшырдык.
Нурак ага, кыргыздын бүтүн тарыхы менен азыркы күнүн күүлөргө салып дүйнө жүзүнө таанытып келесиз. Ушунуңуздан жазбай, элдин бактысына бар болуп, ак эмгегиңиз дагы да элге сиңе берсин.

РАБИЯ МЕНСЕИТОВА,
КТРКнын түптөөчүсү
Рабия Менсеитова – кыргыз элине телевидение деген түшүнүктү киргизип, аны пайда кылган биринчи инсан. Быйыл 90 жашта экенине карабай, саясат тармагынан дайым кабардар болуп турат экен. Кирип барганыбызда эле: “Мен – 25 жыл Орусияда жатып калган Раззаковдун сөөгүн кыргыз жерине алып келген аялмын. Исхак Раззакович кандай гана жан эле?! Жанагы Усубалиев деген “сөөгүн да киргизбей, ошол жакка көмүп койгула” деп туруп албадыбы. Москвага тоголок катты жазган да ошол, аны кетирип, ордуна отурган да ошол эмеспи. Бул жактан кеткенден кийин жол киреси жок калып кыйналган күндөрү да болду. Ооруп жатканда “менин сөөгүмдү баары бир элиме жолотпойт” деп бир ирет ыйлап айткан экен. Мен Отунбаеваны кошкондо 8-эл башчыны көрүп жатам. Бири да Исхак Раззаковго жеткен жок”,- деп ыйлап кирди. Рабия апанын эки баласы болуп, экөө тең каза болуп калгандыктан, азыр жалгыз жашайт экен. Учурда жамбашы сынып төшөктө жатканын көрүп жан кейиди.

Урматтуу өлкөбүздүн кадырман карыялары! “Карысы бардын ырысы бар” демекчи, кыргыз элинин ырысы болуп жүрө бериңиздер. Сиздерге ден соолук, тынччылык жана дөөлөттүү карылык каалайбыз!

Чолпон Сүйүнбаева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Репортаж - Кадырман карыялар, майрамыңыздар менен!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 465, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан