Эмилбек Каптагаев, КРнын Президенттик аппарат жетекчиси: «САДЫРКУЛОВДУН ҮЙ-БҮЛӨСҮ КИТЕП ЧЫГАРДА СҮЙЛӨШҮҮДӨН БАШ ТАРТКАН»

Өткөн саныбызда Эльмира Ибраимованын сөзүнө таянып, “Медет Садыркуловду өлтүрүү окуясы баяндалган “Кандуу жол” чыгармасынын автору – Эмилбек Каптагаев” деп жазган элек. Учурда президенттик аппараттын жетекчиси болуп турган Эмилбек мырзага бул сөздүн чын-бышыгын билүү үчүн кайрылдык.

– “Кандуу жолду” мындан эки жыл мурун кызыгып окугандардын катарындамын. Ар кимден “мунун автору – Эмилбек Каптагаев” дешкендерин укканда баары бир өз атыңыздан айтылбаган соң ишенбөөчүлүк жаралчу. Эмне үчүн ушул күнгө чейин чыгарманын автору экениңизди айтпай келгенсиз? Эгерде Эльмира Ибраимова билдирбесе, сиз дале үн катпай калат белеңиз? Же иштин ачылышын күтүп отурдуңузбу?
– Кылмыш иши ачылбаса, ал китеп жөнүндө айгай салуунун деле кажети жок болчу да. Кылмыш иши ачылган күндө да, болгон окуя менен китептеги сүрөттөмө окшош болбогондо “Кандуу жол” китебине мынча деле көңүл бөлүнмөк эмес, туурабы? Ал эми ал китепти мен жазганымды мени жакындан билген кишилердин баары эле билишчү, жашыруун деле сыр эмес болчу.
– Чыгарманы окуган адамга ошол окуяга катышкан адам айтып бергендей туюлат. Анын үстүнө ИИМ тараткан маалыматтарга көп жагынан, балким, дээрлик толугу менен төп келет. Жазуу учурунда сизге маалыматты толуктоодо кимдер жардамга келген? Балким, арасында опер топтун кызматкерлери же биз билбеген баалуу маалыматтын кожоюндары бардыр?
– Жок, эч кандай жашыруун маалымат булактары болгон эмес. Ошол кездеги ачык жазылып, басма сөздө жарыя болуп жаткан маалыматтарга же окуя болгон жерди барып көргөн адамдардын айткандарына таянып, ой толгоо, талкуу иретинде эле жазылган. Парламенттик оппозиция болгон КСДП фракциясынын лидери Роза Исаковна, депутат Иса Өмүркулов Жогорку Кеңеште кан какшап эле жатышты го “эмне эле бир версия менен карап жатасыңар, жол кырсыгы дегенден башка деле версиялар бар да. Эмне үчүн тергөө, иликтөө иштери мындай бир жактуу болуп жатат?” деп. Ошол сөздөргө кулак салган киши болгон жок. Ошондой эле Эльмира Ибраимова, Болот Шер, Өмүрбек Текебаевдер деле айтышты "саясий буюртма менен өлдү" деп. Мен деле ошол Садыркулов өлгөн 13-мартта саясий билдирүү жасагам, ар бир оппозицияда жүргөн саясатчынын керт башына, үй-бүлөсүнө коркунуч туулганын, мындан ары бийлик террор саясатына өткөнүн айткам. Ага деле эч ким көңүл бурган жок. Фактыларды салыштырып көрсө эле ачык көрүнүп турган, атайын уюштурулган буюртма өлүм экени.
– Китеп – сиздин өмүрүңүзгө кол салуу менен тең болуптур. Чуулгандуу чыгарманы баштаардын алдында коопсуздук үчүн коркунуч сезими жаралбадыбы же элге жеткирүүнүн жоопкерчилиги кымбат болдубу?
– Коркунуч сөзсүз болгон, ал жөнүндө өз оюмду айткан кишилердин баары эле эскертип жатышкан. Ошол кезде китеп жазылып жатканын Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаев, Болот Шер, Эльмира Ибраимова жана башкалар билишкен эле, алар менен да бир топ жагдайларын талкуу кылганбыз. Бирок китеп жазылыш керек болчу. Анткени Бакиевдер Садыркуловду ошондой мыкаачылык менен өлтүрүп туруп, сөөгүн өрттөп жиберүү менен элге ачык эле белги беришти да – мындан ары кимде ким бизге каршы чыкса, ушундай болот деп. Кокон хандыгы деп жумшак айтылып жатты ал кезде. 13-марттан кийин бандиттик, басмачылык заман башталды. Ошондуктан режимге каршы “Улуу Биримдик” партиясынын атынан бир нече билдирүү таратып, Бакиевдердин бийлигинин анык жүзүн ачып көрсөтүүгө аракет кылдым. Бул китеп да ошол эле максатты көздөп жазылган.
– "Эдил Кожошизи" деген псевдонимди ким сунуштаган? Же өзүңүз койгонсузбу бул ысымды?
– Бул псевдонимди өзүм эле койгом. Анткени кичинемде чоң атам айтып берген жомок эсимде болчу: Эдил баатыр, Эмил баатыр деген эки бир тууган жөнүндө. Эдил баатыр тарыхта Атилла деген ат менен калып, анын ысымы менен чоң дарыя аталган – Эдил дайра деп, азыркы Волга дарыясы. Эмил баатырдын ысымы менен да дарыя аталган, Алтай тоосу жактан башталып, Казакстандын Алакөлүнө куят. Атам ошондой эле айткан өз жомогунда – бири Орол тоо, Жайык жакта, бири Алтай, Эне-Сай жакта туруп элди коргогон, баккан деп. Мына ошол Эдил баатырдын эле атын алайын дедим. Анан кожош деген өзүмдүн эле кичи уруум, чоң уруубуз саяк. Мен бир топ жылдан бери кыргыз фамилиясын “ИЗ” – “След” деген мааниден чыгаруу керек деп айтып жүргөм. Мисалы, Эшматизи, Ташматизи дегендей. Ошондуктан Кожошизи деп фамилия чыгаргам.
– Негизи эле чыгармадагы каармандардын аттарын коюуда кандай критерийлерге басым жасагансыз? Кээ бир фамилиялардын муундарын алмаштырып коюу менен чектелсе, айрымдарына татаалыраак форма тандалган.
– Чыгармадагы каармандардын аттары жөнөкөй эле ыкма менен жасалган. Мисалы, китепте Арданиев деген премьер-министр. Ал кезде өкмөт башы Данияр Үсөнов болчу. Ошондуктан Данияр деген атты сындырып, Ар-дани-ев деп бергем. Ошондой эле Бакиев дегенди сындырып Ки-ба-ев деп бергем, Жакен Кибаев сыяктуу.
– Көпчүлүк Жаныш Бакиевдин портреттик мүнөздөмөсүнө көңүл бурушкан. Сиз ал киши менен канчалык тааныш элеңиз?
– Китепте Жаныш Бакиевдин портрети жок, ал жерде ага окшош Жакен Кибаев бар. Мен Жаныш Бакиев менен болгону бир жолу, Чолпон-Атада өткөн семинарда жолуккам, кол алышып учурашканбыз, 2006-жылдын жай айлары болуш керек эле же 2007. Унутуп калдым.
– Медет Садыркулов менен болгон мамилеңиз кандай болчу? Анын үй-бүлө мүчөлөрү чыгармага кандай реакция жасашкан?
– Медет Садыркулов менен кызмат боюнча гана мамиледе болчумун. Ал Президенттик администрация башчысы болуп турганда каршы пикирде болуп, бир аз кер-мур айтышканыбыз чын. Ал мага кысым көрсөтүп, оппозициядан кайтууну сунуш кылган, "каалаган кызматыңды берели" деп да айткан, "балаңды жумуштан кетиребиз, башка да нерселер болот" деп коркутуп да көргөн. Эми ал өткөн окуя. Мен китеп боюнча анын үй-бүлөсү менен байланышкан жокмун, бирок байланышы бар киши аркылуу басмадан чыгарууга каражат жагынан көмөк көрсөтүүнү үй-бүлөсүнөн, жакын болуп жүргөн досторунан сураткам. Бирок бардыгы баш тартышкан, сүйлөшпөй коюшкан.
– Качандыр бир күнү кызматтан кеткен соң кандайдыр бир чуулгандуу же жөн гана өзүңүз каалаган тармактын тегерегинде чыгарма жазуу пландарыңыз барбы?
– Билбейм, балким, жазат болушум керек. Өз башымдан өткөн, өзүм катышкан же күбө болгон окуялар Кыргызстандын соңку жаңы тарыхынын эң эле урунттуу учурлары да.

ЖКнын депутаты Болот Шер:
"Бул окуянын тегерегинде бир топ адамдардын көптөгөн сөздөрү айтылып жатат. Ошолор эле жетиштүү деп эсептейм. Ал эми өзүмдүн атымдан болсо, кандайдыр бир комментарий бергим келбейт",- деп жооп берди.

Эскерте кетсек, буга чейин жарыяланган маалыматтарга ылайык, "Кандуу жол" чыгармасын Эмилбек Каптагаев кыргызча, Болот Шер орусча которуп жазган.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
jaina
2011-10-03 15:01:49
Китепти окуп чыгып, эсиме келе албай көпкө жүрдүм. Элдер мыкаачы болуп кайда барат?! Төмөнкү шилтемеден "Кандуу жол" ангемесин окуй аласыздар.
http://www.super.kg/ipb/index.php?showtopic=38181
0
operaledi
2011-10-03 17:17:38
А я до сих пор под впечатлением...
0
Debi
2011-10-03 21:15:21
Эмил ага, ыраазымын, адилеттик учун куйуп, жанынызды тобокелге салганыныз учун. Таянган Кудайыныз сизди сактаган экен, демек аягын улантышыныз керек го дейм. 6-7-апрелдеги окуяларды, Алиясбек Алымкуловду кошсонуз, аны да тируу кубо кылып, башын эки ок козосо да Кудай аман алып калбады беле, андан кийинки окуяларды, биздин сыймыктанар мыкты саясатчыларыбызды (арасында сиз барсыз) жазсаныз келечек муунга жакшы иш калтырган болор элениз. Так калган тарых келечек суроолорунда жакшы негиз тура.
0
Debi
2011-10-03 21:16:40
Кудай сизге, жакындарынызга омур берсин!
0
Arstan
2011-10-03 23:51:51
Окуп алып мен да жаман болдум,жырткычтардын башкаруусунда жашап жургон турбайбызбы деген ой келди.
0
Muratbei
2011-10-04 07:46:25
Kechiresiner tuugandar,kylmyshtyn beti 2 jyldan son achyldy deit,kim kunoolu,kim olturdu dep achyldy ele?maga kupuia kat jazyp koiunuzdarchy.
0
Sahalin
2011-10-04 14:09:11
Жакшы жазылган. Ошол кылымышкерлерге бир гана ОЛУМ жазасы!
0
gnomik
2011-10-07 09:27:25
Бул ишти ачып жатканы жакшы бирок баар ыкачып кетишкенден кийин болгону коундурот да башкы куноокорлор сот жазасына тарта албы же жокпу Кыргызда жакшы макал бар эмеспи "Душман кетти кылычынды ташка чап " деген ошондой болуп калбай баары жазасын алса!
0
akjol bat
2011-10-07 10:28:11
Бул китепте ото эле жырткыч кылып корсотуптур. Адам баласы андай жырткыч болбосо керек. Мен бир жерине тушунбой турам. Бул чыгарма жазылганына 2 жыл болгон болсо, кылымышкер сентябрь 2011жыл кармалып жатса. Баягы эле политикалык оюн эмеспи дегенге ой кетет. Шайлоо жакындап Мадумаровду четтетуу айласыбы же Каптагаевдин аброюн которуубу. Булар китептин мазмунуна окшоштуруп дагы бироону темир тор артына даярдап жатса керек. Кылмыш так 2 жыл мурда жазылган китептин мазмунуна окшогону тан калыштуу.
0
akjol bat
2011-10-07 10:38:49
Качып кеткен президентти туугандарын жамандап оздорун актаганын койбоду.Жылдыз Жолдошова чыгырган Ош окуясынын тасмасын коргондон кийин буларга ишенич деле калбады. Дискте даана корсотулгон Кадыржан Батыров козголонду баштайбыз мен Отунбаева, Текебаевдер менен суйлошуп келдим деген жерлери бар. Эн кызыктуусу ошол Кадыржан Батыровдун жыйынында Бектур Асановдун аны колдоп олтурганы. Даярданып жатканын билип туруп Б. Асанов эч кандай билдируу жасабаган.
0
akjol bat
2011-10-07 10:40:04
Ош окуясынан кийин да губернатор болуп иштеп журду. Ушулардын барын коргондон кийин буларга ишенуу кыйын.
0
№ 465, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан