Кыргызда “каранын жини келгенче, сарынын жаны чыгат” деп коюшат. Анын сыңары кара тору Максат Бегалиевди бир сынап, жинин байкап көрөлү деп чечтик. Анда кеттик.
Күн мурунтан Максаттын жакын досторунун биринен саат 2лер чамасында борборубуздагы кафелердин бирине келерин билип алдык. Ал кафенин алдынан күтүп турган укук коргоо кызматкерлери Максаттын унаасы уурдалган машиналардын тизмесинде экенин айтып, атүгүл текшерүүнүн натыйжасында баңгизатын да таап чыгышмакчы.
“Тамаша торго” көмөктөшүп, милиция кызматкерлеринин
ролун мыкты аткарып бергендиги үчүн ИИМдин академиясынын
“Тергөө” командасына чоң ыраазычылык билдиребиз.
Бахияна Сатылганова
tamasha@super.kg