«ЖЫЛДЫЗ ООРУСУ» МЕНЕН ООРУГАН УЧУРУҢУЗ БОЛДУ БЕЛЕ?

ГҮЛНУР САТЫЛГАНОВА:
– Жок ай, антип өзүмдү өзгөлөрдөн көтөрүп, дегеле каада күтүп көргөн эмесмин. Мурда кандай жөнөкөй Гүлнур болсом, азыр деле ошол Гүлнурмун.

СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ:
– Мен мектепте 7-класста окуп жүргөн кезимде эле “жылдыз оорусуна” чалдыккам. Жакшы ырдаганымдан мектептеги майрамдык кечелерге дайым ырдап катышчумун. Райондук ар кандай кароо-сынактарга да ырдап барып, биринчи орунга жетишип, кыскасы, дайым макталып жүрчү элем. Мугалимдерим, классташтарым “ырчы бала” дешип ар убак көтөрмөлөп турушчу. Мына ошол мез­гилде менде өзгөрүү пайда болгон. Өзүм теңдүү балдарга мамилем өзгөрүлүп, “мен эле кыйынмын” дегенсип көтөрүлүп кеткем. Ата-энем менин өйдөдөн түшө албай жатканымды сезишкен­би, алардын: “Сыймык, такыр эле өзгөрүлүп кеттиң, эмне болуп баратасың деги? Болду эми, дердеңдебе” деген сөздөрүн көп укчумун. Ошондон кийин өзүмө келе түштүм окшойт. Кийин мектепти бүтүп, филармониянын алдындагы эки жылдык сту­диядан окуп, маркум Эстебес Турсуналиевден сабак алып калдым. Мына ошол кишинин мага бер­ген таалим-тарбиясынан улам кийин элге кеңири таанылып калганымда да менде андай кө­төрүлүү болгон жок. Көрсө, мен мурда эле “жылдыз оорусу” менен ооруп койгон экенмин.

АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА:
– Мен жаңыдан эл оозуна алынып тааныла баштаганымда “жаш жылдыз” экенимди билбей троллейбус, автобустарда пакеттерди көтөрүп, тапичкемди сүйрөп алып эле жүрө берчүмүн. Элдер мени карап калышса “бир жерим булганып калган го?” деп ыңгайсызданып, үстү-башымды карай берчүмүн. Кийин деле канчалык деңгээлде популярдуулукка жетишсем да, эч өзгөрүлгөн жокмун. Бул жөнөкөйлүк балким, менин тарбиямдан, ички дүй­нөмдөн болсо керек.

ИБРАГИМ ЖУНУСОВ:
– 1980-жылдары “Алтын апа”, “Чынара” деген ырларым менен элге таанылып турган мезгилимде ушундай бир көпкөн экем. Ал учурда обончулардын эң кенжеси мен болсом, аксакалыбыз Рыспай Абдыкадыров эле. Ар кандай концерттерден мени суранып ырдатышса, “ырчылардын мыктысы мен экенмин” деп ойлоп алыптырмын. Анда кыргыз эстрадасы жаңыдан калыптанып, элдин кызыгуусун арттырып турган мезгил болчу да.
Бир жолу Рыспай, Түгөлбай агалар менен бир концертке катышып калдым. Алар үчтөн-төрттөн ыр ырдашса, мен элдин суранычы менен алты-жети ыр ырдадым. Тимеле төбөм көккө жетип, сүйүнгөнүмдү айтпа. Анда эмне, студент кезим. Жатаканага барып, досум Султан Раевге “мен Рыспай агадан да мыкты экенмин” деп мактанып атпаймынбы. Султан азыркыга чейин ошону айтып тамашалап калат. Көрсө, ал кезде көпкөнүмдөн улам ошол кепти айткан экем. Чындыгында, ал кезде Рыспай ага ким эле да, мен ким элем?!

АСЕЛ ТУРДАЛИЕВА:
– Менде андай учурлар болгон эмес. Мен болгону катуу капалангандан, катуу сүйүн­гөндөн корком. Анан башкалардан өзгөчөлөнүп кеткидей биз ырчылар ким элек, баарыбыз эле пендебиз да. Бир гана өзгөчөлүгүбүз талантыбыз менен эл алдына чыгып, дайым элдин көңүл борборунда сыноодо болгондугубузда. Болбосо биз деле эл ичкен сууну ичебиз, эл кийген кийимди кийебиз. Эми албетте, жылдыздарыбыздын ичинен өзүн эч кимге теңебей боюн көтөрүп жүргөндөрү да бар.

АСЫЛБЕК ӨЗҮБЕКОВ:
– Мен “жылдыз оорусу” менен эч кандай ооруган эмесмин. Бул балким, мен бир кесип менен гана чектелбестен, ар тараптуу кеткенимден болсо керек. Убагында кыргыз драма театрында актёр болуп иштеп, көптөгөн башкы каармандардын ролдорун аткарып жүрдүм. 1985-86-жылдары эстрадага келип, “Өмүр” деген ырым менен көпчүлүктүн көңүлүнөн орун ала алдым. Ошондон кийин элдин талабына ылайык өзүмдүн бир канча ырларым менен чыгып, популуярдуулугум жогорулады. Балким, ошол мезгилдерде анча-мынча көтөрүлүп кеткеним башкаларга байкалгандыр. Бирок, буга чейин менде аша чаап кеткен учурлар болгон эмес.

БОРОНЧУ КУДАЙБЕРГЕНОВ:
– Убагында ыраматылык Чубак Сатаев менен бирге көп убакыт чогуу иштеп калдым. Чубак ырдайт, жанында мен шылдыракта ойнойм. Ыраматылыктын ал кезде жылдызы жанып, кадыр-баркы көтөрү­лүп, Чубак болуп турган мезгили. Кайсы жерге барбайлы залга эл батпай терезе-каалгаларды ачып коюп концерт берчүбүз. Бир жолу да Бишкекке филармонияга бир айга чукул концерт койдук. Ошондо ар бир күнкү концерти аншлаг менен өтүп, эл залга батпай турганы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Анан кызыкты карабайсыңбы? Чубак эмес, артында шылдырак чертип жүрүп мен “жылдыз оорусу” менен ооруп калып жатпаймынбы?! Эч кимди көзүмө илбей, кыйкырынып-өкүрүнүп өзүмчө эле каада күтүп калыпмын. Чындыгында, ошол жылдары аябай көөп кеткем. Анымды байкаган Чубак бир күнү: “Борончу, сен эмне мынча мурдуңду көтөрүп калдың? Сен өзүңдүн ким экениңди билесиңби? Сен жөн гана артымда жүргөн шылдыракчысың. Эмне, шылдырак черткениңе көөп жатасыңбы? Мына, мен көпсөм бир жөн. Биринчи өзүңдүн ким экениңди билчи, досум” деген ачуулуу сөздөрүн айтты. Мен аябай ызаландым. Мына ошол сөздөрдөн кийин арданып калдымбы, айтор, сатира, обон жаза баштадым. Менимче, Чубактын ошол сөздөрү чыгармачылыгыма кандайдыр бир таасирин тийгизди окшойт.

Даярдаган Рахбар Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 193, 14-20-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан