Учурда шоу чөйрөсүндө көз күйдүргөн бойдок кыздар көп. Биз аларды тизмектеп чыгып, сайтыбызда “Жигиттер, төмөнкү бойдок кыздардын кимисин тандайсыңар?” деген суроо менен сурамжылоо жүргүзгөн элек. 30дан ашык селкилердин ичинен алдыңкы ондукту төмөнкүлөр ээледи.
1. ЭЛИНА АБАЙ КЫЗЫ
Сурамжылоодо 1-орунга чыккан актриса менен башыңызды байлап калсаңыз, анда үйүңүздү өзүңүз жыйноого аргасыз болот көрүнөсүз. Анын үстүнө чыгармачыл адамдар көп учурда үй бетин көрбөйт. Андайда сагынып кетсеңиз, ал катышкан кинобу, клиппи, айтор, көрүп, көз тойгузуп отура берсеңиз деле болот. Анан көз тийип ооруп калса да азабын өзүңүз эле тартарыңызды эстен чыгарбоо кажет.
2. КУНДУЗ КАНАТБЕК КЫЗЫ
2-орунга чыккан бул ырчыга өзүнүн боёнбогон жүзү өтө жакса, демек, сизге деле жагарынан кам санабаңыз. Башкасын айта албайбыз, бирок күн сайын шоколад алып берип турууга аргасыз болосуз. Ал гана эмес, кечкисин тамак жебей диета кармаган кыздардан да эмес. Бирок анысын өзү деле актайт. Кундузду аш-той, жакшылыгына чакырып ырдаткысы келгендер толтура. Андай болсо ырчынын убактысы болор бекен, сүйүктүүсүнө көңүл бөлгөнгө?
3. ЧОЛПОН ТАЛИПБЕКОВА
Бойдок кыздардын арасынан 3-орунду ээлеген Чолпон менен бирге жашап калсаңыз, анда дуэттеш шериги Максаттан кызганбашыңыз керек. Анча-мынча ачуусуна тийип койгондон зыян тартпайсыз. Анткени Чолпон маанайы бузулган убакта иштин баарын жасап, тоону томкоруп жиберүүдөн кайра тартпайт.
4. АСЕЛ АБДЫБЕКОВА
Сахнада чимириле бийлегенин көрүп суктанган мырзалар канча? Алардын берген добушу менен бул бийкеч 4-орунга ээ болду. Эгерде сиз жөнөкөй жана акылдуу болсоңуз, анда Асел жүрөгүн арноого даяр. Анткен менен, турмуш курууга өзүн даярмын деп эсептебейт. Атүгүл тамак жасаганды алигиче үйрөнө элек. Билбей барып кайын журтуна уят болууну ким кааласын? Бирок Асел бийлегенде Жади биякта эле калат!
5. КАНЫКЕЙ
Каныкей күн жылууда да кышкы кийимдерди кийип алып сизди таң калтырбасын десеңиз, анда ырчы кызды жылуу кучагыңызда жылытууга туура келет, тууганым. Каныкей кээде "носонте" сыяктуу жаңы сөздөрдү да таба калганга эптүү эмеспи, эгерде сизди да жаңы сөздөр менен эркелетип калса, кубанып гана коюуңуз керек.
6. БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА
Бактыгүл Бадыева тизмектелген бойдок кыздардын катарынан 6-орунду багынтты. Ырчы менен баш кошкон мырза сулуу болбосо, сулуулук салонуна бир кирип чыкса өзгөрүлбөй коймок беле? Бирде Кытайга, бирде Түркияга каттаган ырчы 40 000 долларлап деле клип тартып жатпайбы. Демек, бул айым мырзасын өзү эле багып алчудай. Бир гана жаман жери, жигити бар да, атаганат!
7. АСЕЛ КУДАЙБЕРДИЕВА
Жылдыздуу кыздар кимге жакпасын? Анын үстүнө үй иштерин катыра жасаса. Болгону, “көп жумуштарга убактым жетпейт” деп кейийт Асел бийчи. Эми алар көшөгө артындагы маселелер дечи, кантсе да мырзалардын тандоосу боюнча 7-орунга чыкты.
8. ЖАНЭЛ
"Байлыгым – жалгыз апам" деп эсептеген ырчы Жанэлдин жүрөгүн багынтсаңыз, анда чогуу саякаттап эле калат окшойсуңар. Болгондо да айлап-жылдап. Бирок абайлаңыз, кээ бир тамак-аштардан деле аллергия болуп чүчкүрүп-бышкырып калмай жайы бар. Кыргыз гана эмес, кытай ашканасын да катырат. Анткен менен, ичкенден кийин идиш жуумай милдетин өзүңүзгө жүктөп коюшу ыктымал.
9. САЙКАЛ САДЫБАКАСОВА
Сайкал бойго жеткен бийкечтердин сап башында эмес, 9-орунга илинди. Бул сулуунун жүрөгүн багындырам деген жигиттер деле аз эмес. Эгер тагдыр буйруп Сайкал менен кол кармашып калсаңыз, анда ырчынын үйгө кеч келгенине көнүүгө мажбурсуз. Азырынча Гүлшайыр эженин Сайкалды күйөөгө бергиси жок.
10. АИДА КУЛУЕВА
Бул ырчы турмуш курууга дапдаяр. Болгону, бакыраң көз сулуунун сүрдүү көз карашына туруштук бере алган мырза чыкпай жатат өңдүү. 10-орунга ээ болгон Аиданы өмүрлүк жар кылууну кааласаңыз, биринчиден, эр жүрөк болушуңуз керек. Өзү болсо "кыз киши болгондон кийин бардык эле иштер колумдан келет" дейт. Эгер колунан келбей баратса, апасына чалып сурай коёт да.
Эскертүү: Бактыгүл Бадыевадан башкасынын жүрөгү бош, жигиттери жок. Демек, жигиттер, сулуулар силер үчүн! Сезимдерин багынтуу силердин колдо!
Венера Кабакбек кызы
star@super.kg
КЫЗЫҢЫЗГА КАНЧА КАЛЫҢ СУРАЙСЫЗ?
Рахман Разыков,
куудул:
– Эки кызымды калың сурабай эле турмушка узаткам. Ошол кезде калың суроо оюма да келбептир. Негизи, салттардын пайдасыз жактары да көп. Ашыкча чыгым кылбастан, андан көрө жаш үй-бүлөгө керектүү буюмдарды алып бергенибиз туура.
Айчүрөк Иманалиева,
ырчы:
– Кызым кичине болгондуктан, калың тууралуу азыр ойлоно элекмин. Чоңойсо, бешенеге жазганы болор. Мен көпчүлүк ата-энелер сыяктуу эле кызымдын калыңын эмес, бактысын тилейм. Калың бул – экинчи орундагы нерсе.
Шайлообек Дүйшеев,
акын:
– Мен калың сурабай эле, кыргыздын азыркы заманбап каада-салттарын колдонуп узатмакмын кызымды. Эч качан кыздарыбыздын тагдырын акчага өлчөбөшүбүз керек. Кызы турмуштан ордун таап, барган жеринен бак айтса, ата-эне үчүн бакыт ошол эмеспи.
Гүлшайыр Садыбакасова,
"Кыз-Бурактын" жетекчиси:
– Эгер турмушу кыйыныраак үй-бүлө болсо, калыңдан баш тартышым мүмкүн. Калың бергенге шарты болсо, анда 2 эсе ашырып сеп даярдайм. “Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт” дейт. Калың алуу, сеп даярдоо – салт.
Шайырбек Абдрахманов,
ЭлТРдин башкы директору:
– Калыңдан мурда ата-эне кызына татыктуу тарбия бериши зарыл. Кызды кайын журтун сыйлап, кадырына жете тургандай тарбиялоо – милдет. Азыр мен да ошондой кызды тарбиялоо түйшүгүндөмүн.
Динара Акулова,
ырчы:
– Мен кыздарыма калың деле сурай элекмин. Негизи, үй-бүлөнүн бекемдиги үчүн кыздардын бийик бааланганы жакшы го. Ашыкча чыгымга жол бербей, каражатты жаш үй-бүлөнүн пайдубалына жумшаган туура, үй, машина алып берип дегендей.
Дүйшөн Байдөбөтов,
актёр:
– Мен эч качан кудалардан калың сураган эмесмин. Калыңдан мурда кызыңдын бактысын тилеш керек. Калың менен эле жашоо чектелбейт. Кыздын бактылуу турмушун көрүү эле жетиштүү ата-энеге.
Автандил Добулбеков