Окурман, сиз батир издеп көрдүңүз беле? Эгер издеген болсоңуз, батир табуунун азабын, баркын билет чыгарсыз? “Эптеп эле бир жакшы батир чыгып калса болду эле” деп көз чачырап турганда “батир берилет” деген жарыяны уксак, баса калат эмеспизби. Ал эми тапкан батириңизге 6 айга, 1 жылга алдын ала төлөп койгондон бир жумадан кийин “бул үй меники” деп башка киши келсе, кандай абалда калмаксыз? Мындай окуялар турмушубузда көп кездешет.
"Бул аялдын мындан башка да
кылмыштары көп болушу мүмкүн" дешет
укук коргоо кызматкерлери.
“ИЖАРАГА БАТИР БЕРИЛЕТ”
Ал жаңы эч нерсе деле ойлоп тапкан жок, жөн гана батирге муктаж болгон ишенчээк жарандарды алдап жүргөн. Борборубуздагы “Ош базарында” радиотүйүн аркылуу ар кандай жарыялар айтылып турат эмеспи. Ал жарыялардын көпчүлүгүндө “батир берилет” деп айтылары белгилүү. Ошондой жарыялардын көбүн Саида аттуу аял айттырчу экен. Саиданын бергенге батирлери чынында эле көп, бирок өзүнүкү эмес, башкалардан алган батирлер болуп чыкты. Аларга бир айга төлөп, ошол батирди башкаларга бир нече айга же бир жылга алдын ала төлөтүп алып из жашырып жүрчү тура.
Ишенчээк кишилерди алдап жүргөн тажрыйбалуу алдамчыны жакында Бишкек шаарындагы Ленин РИИБинин №3-шаардык бөлүмүнүн милиция кызматкерлери колго түшүрүштү. Алгачкы суракта эле биздин каармандын аты Саида эмес, Мехрибан Сабирова экендиги билинди. Ал мурун да уурулук, алдамчылык боюнча соттолгон. Эми ага бир нече жыл темир тор артында отурганга туура келет. Укук коргоо кызматкерлери азырынча анын бир нече алдамчылык жана уурулук фактысына тийиштиги бар экендигин аныкташты. Ал эми Мехрибандын Руслан деген уулу Октябрь РИИБи тарабынан каракчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн экен, ал да кармалыптыр.
“БИР БАТИРДИ БИР ЭЛЕ МААЛДА 6 КИШИГЕ БЕРГЕН”
Ленин РИИБинин №3-шаардык бөлүмүнүн кылмыш иликтөө боюнча оперкызматкери Турар Абдиев бул иш боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 2011-жылдын 23-августунда Санжыбек Төрөбеков деген жарандан арыз түшкөн. 24-июлда Саида аттуу аял Руслан деген уулу экөө “үйдүн ээсибиз” деп алдап, эки айга алдын ала 10 миң сомдон төлөтүп, башка бирөөнүн үйүн батирге берип койгон экен. Андан кийин да көптөгөн адамдардан ушундай маанидеги арыздар түшө баштады.
Арыздарды талдап көрүп, алданып калгандардын көбү Саида аттуу аялдын атын көп атагандыгын билдик. Акыры алдамчынын изине түшүп, 6-сентябрь күнү Саиданы кармадык. Анын өздүгүн тактаганыбызда ал Саида эмес, Бишкек шаарынын 39 жаштагы тургуну, уйгур улутундагы Сабирова Мехрибан Оморовна деген аял болуп чыкты. Мехрибан бир айга батирди ижарага алып, кайра ал батирди бир нече айга алдын ала башка бирөөлөргө берип жүрүптүр. Бир убакта бир батирди алты адамга берип, акчасын алып кеткен учуру да бар экендигин аныктадык. Мындан сырткары ижарага алган батирдеги турмуш-тиричилик буюмдарын да уурдап кеткен фактылар ачылып жатат.
Азырынча бардыгы болуп 24 алдамчылык фактысына тийиштиги бар экени билинди. Анын үстүнөн 164-берене (уурулук) жана 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Мындан башка көптөгөн алдамчылык фактысына тийиштиги бар болушу мүмкүн. Эгер бул сүрөттөгү аялдан жапа чеккендер болсо, бизге кайрылышса болот: (0312) 44-44-57
“ЭКИ АЙГА АЛДЫН АЛА ТӨЛӨГӨМ”
Бул иш боюнча макала даярдап жүргөндө милиция кызматкерлерине жапа тарткандардын бири келип калды. Ал эжеден да кээ бир суроолорубузга жооп алдык. Атын атагысы келбегени менен, буларды айтты:
– Мен батир издеп жүрүп, бир кыймылсыз мүлк агенттигине кайрылып калдым. Андагы кызматкерлер “батир таап беребиз” деп 600 сомумду алышты да, ар кайсы даректеги батирлерди айта башташты. Анан мага шаардын Москва-Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан бир бөлмөлүү батир жагып калды. Себеби балдарымдын бала бакчасына жана мектебине жакын экен. Агенттиктин кызматкерлери менин көзүмчө ошол үйдүн ээси менен сүйлөшүп, аны менен бир жерден жолугууга макулдаштык.
Кечки саат сегиздерде “Триада” дүкөнүнүн жанынан Саида деген аял менен жолугуштум. Экөөбүз батирине барып көргөндөн кийин ал "бир нече айга алдын ала төлөсөң, арзаныраак кылып берем" деди. Соодалашып отуруп бир бөлмөлүү батирге эмеректери менен айына ижара акысын 8000 сомдон берип турууга макулдаштык. Мен ага эки айга 16 миң сом алдын ала төлөдүм, бирок ал негедир башкача боло баштады. “Батирдин ачкычын анан берейин, азыр кээ бир буюмдарымды алып алайын” дегенине ишенип кала бердим. Кечинде келсем, батирдин жарыгы өчүк. Саиданын телефонуна чалсам албайт. Бир маалда анын телефон номеринен “экинчи чалсаң өлтүрөм” деген билдирүүлөр келе баштады. Ошондо гана алданып калганымды түшүндүм да, милицияга арыз жазып кайрылдым. Милиция кызматкерлери аны кармашыптыр, бирок Мехрибан Сабированын менин акчамды кайтарып бергенге акчасы жок экен. Жок дегенде агенттикке берген 600 сом акчамды алып алайын деп барсам, алар да кайтарып бербей коюшту.
“МЕНИ КУДАЙ ЖАЗАЛАЙТ”
Күтүп туруп милиция кызматкерлерине суракка алынып келинген Мехрибан Сабировага жолугуп, бир-эки суроо берип калганга үлгүрдүк.
– Өзүңүз кесибиңиз боюнча кимсиз? Мурун эмгегиңиз менен акча таап көргөнсүзбү?
– Күйөөм менен ажырашып кеткенмин. Бир уулум бар, ал жөнүндө айтпай эле коёюн. Мурун ашпоз болуп иштеп жүргөн элем, кийин жумуштан чыгып калдым. Эмне менен алектеништи билбей, ушундай кылмыштуу жолго барганга туура келди. Акыркы 6-7 айдан бери “батир берем” деп элди алдап жүргөнмүн. Азыр менин үстүмдөн жыйырмадан ашуун факты боюнча кылмыш ишин козгошкон, алардын баарын мойнума алам. Мен алданган адамдардын алдында уялган деле жокмун. Кылган кылыктарым үчүн мени Кудай жазалайт.
Ошентип, арам оокат менен күн көргөн аял колго түштү. Батир издегенде бул сыяктуу алдамчылардын торуна түшүп калбаңыз демекчибиз.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg