Көрөрмандар – Спорт Ордосунун 60 пайызы (24-сентябрь күнү)
Алпаруучу – Жанара Атабекова
Мыкты номер – “Соң-Көл”, “Азап” ырлары
“Концерт мынча мүнөт кечигип башталды, түкүнчө ырдады, баланча бийледи, сахна жаман жасалды” деп айтпайм. Анткени кыйын ырчы концерт коёбу же эптемей эки ыры барлар “тушоосун” кесеби, баары бир эч өзгөрүү жок. Жарнама кылып элди жыйып, калктын капчыгын кагып алып же өзүнө аброй арттырганы менен, кеткен чыгымын жаба албай таптакыр жөө калган артисттерди көрүп жүрөм.
Кудум ошондойлордун бири болгон Ильяз Абдыразаковдун концертин баяндайын. Үйлөнүп-жайланып, таптакыр сахнага чыкпай эски ырлары менен гастролдоп калган болчу Ильязбай. Күздө кыймылдай баштаган экен, концерт берди, 2 күн. Бир баалаганым, гимн менен ачты концертин, азамат. Бул жолку концертин көп жаңы ырлар түзүптүр. Жаңысы го жаңы, бирок мурда-кийин ал ырларды укпаган соң элге жетиши кыйынга турса керек. Анан аты-жыты билине элек ырчылардын биринин артынан бири чыгышы репетиция кылып ар ким келип ырдай берген го деген ойго такады. Концерттин “Соң-Көл” аталышынын себеби Исрадин Аманбаевдин “Соң-Көл” аттуу ырын Ильяз кайрадан иштеп чыгыптыр.
Алпаруучу Ильязды мактаган ар бир адамга “Соң-Көл” ырлар жыйнагын тартуулады. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаган кыздар бири оюндун шартына баш ийип жазса, бири жетпей калган арзуусун айтып кагазга, кагаз таппай калгандары телефонуна жазып алпарып үлгүрүштү. “Азапты” аткарганда залды кыйкырык-сүрөөн коштоп, бир күйөрман кыз чыдабай кетип, коопсуздук кызматкеринин тосконуна карабай сахнага чыгып, Ильязды өөп, жанында туруп бийлеп, бактылуу өзүнчө.
“Кыздар, Ильяз үйлөнгөн...” деген алпаруучунун айтканы бекеринен эместей, анткени ырчынын үйлөнгөнү күйөрмандарына эч таасир бербептир. Ырчы жигиттин ырын эле эмес, өзүн да жүрөгүнө багып келгени Ильяздын ар бир кадамына куштарланып, кол булгалап, жол талаша гүл сунуп, колуна кат карматып, телефонуна сүрөткө тартып жаткандарынан билинди. Бир сөз менен айтканда, жөнөкөй баланын концерти жөнөкөй өттү.
Толик сынчы