Зулум кандар убагында кедейди жактап ырдаган төкмөлөр чыккан тайманбаган. Байларды какшыктап ырдап Токтогул ырчы сүргүнгө айдалган, ал эми Арзымат сындуу ырчылар бардарларды жандаган. Азырчы, азыр кандай бизде? Уучубуз куру эмес, таңдайынан ыр куюла турган жерден төккөн төкмөлөр бар, ал чындык. Бирин-бири какшыктап, бирде мактап, чымчып ырдабаса, айтыш кызыксыз, бул да чындык.
«Бабановдун Таласта берген тою баягы Көкөтөйдүн ашындай эле болду» деп оозун ачкандар бар. Жеңишбек акын айтмакчы, Жип менен келет деп тургандар, аттын башын булкунтуп Бабановдун топту жарып келишин күтпөсө керек. Убактылуу баш бакан милдетин аткарган Бабановду Таластын эли “биздин бала, Таласымдын кулуну, Манасымдын тукуму” деп тосуп алышты. Алпаруучусу Өмүкеңди Манаска теңеп, жарчылар биякта калды, эй. Төрт акын: Жеңишбек Жумакадыр, Элмирбек Иманалиев, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев да аталган тойго барып ырдашты. Бирде мактап, бирде кыйытып отуруп Өмүкеңдин эле эмес, таластыктардын купулуна толуп турушту. Бирок көргөн көз, уккан кулакта не жазык? Тыңшап-тыңдап отуруп Жеңишбек менен Аалынын бир кайрыгына келгенде тык токтодум.
Ырас, Аалынын казакка каяша айтып, өзбектердин Юлдузуна жооп жазып, бир ырдаса төгүп-төгүп ийип токтобогон төкмө экени талашсыз. Акын деген элдин ый-муңун айтып, жыргалын жактап ырдайт. Бул касиет Аалыда бар. Анткен менен “акындар келсе сыйлаган, генерал келсе ыйлаткан, буларды “герой” деп ойлойм калкымды. Э, ушундай жерге келгенде мактанып ырдап турам, ок атып жаткан элге таш менен барып Ак үйдү баскан Таластын эли барсыңбы?” деген жерин мен туура көрбөдүм. Эмнеге “таластык, оштук, түштүк” деген “кеселден” арыла албай жатабыз?! Эмнеге ал “илдет” акындарга жабышты экен деген ой ич этимди жеп койду, туугандар. Саясатка аралаштырбайын, бирок “генералды ыйлатып, таш менен Ак үйдү коргоп” дегендин кереги бар беле? Балким, муну менен Аалы Бакиев заманын, Акаев доорун кыстара кетейин дегендир. Бирок бир нерсени эске алалы, бөлүнбөйлү, “баатырбыз” деп бөлбөйлү журтту, баарыбыз бир элбиз, куттуу үйүбүз Кыргызстан деп билели...
Жеңишбек Жумакадыр “жарчыбыз Манастай кылып мактады, Манастай сөзүн сактады. Алкынтып келе жатышса, Манас тирилип келген экен деп эл ишенип кете жаздады. Сөздүн айтсам ачыгын, тулпар минип келгенде сакал-мурут жок экен, мен ошондо тааныдым” деп мактап барып, кайра көгөртө чымчып өттү. Өмүрбек мырзаны жарчы Манаска теңедиби же Жеңишбек теңейби, айтор, ушул жери өтө эле аша чаап кеткенсиди. Чачылганды жыйнаган, үзүлгөндү улаган баатыр Манаска умтулганыбыз жакшы. Бирок анын деңгээлине жетүү кайдан?! Ансыз деле Манастын айкели коюлганда “Манастын духу Атамбаевге кириптир, куш айланып учуптур” деген бакшыланган сөздөр “эмнеле Манасты ар кимге теңейсиңер?” деп калайыктын канын катуу кайнатып турган учуру.
Кыскасы, калайык, акынга “андай ырдаба, мындай ырда” деп акыл айтканга акыбыз да жок. Болгону, баягы заман кайтып келбесинчи, Арзыматка эч кимдин айланышын каалабайбыз, катыгүн, каалабайбыз...
Толик сынчы