Мирбек Иманбеков “Максат Баткен” тобунун “Айылым” аттуу ырын жаңылап жаздырып жаткан кези.
Роза Шакирова келиндүү болду. Шералы аттуу инисинин үйлөнүү тоюнан улам конок күтүүдөн колу бошобой жүргөн чагы.
Ырчы Гүлзинат Суранчиева атасына арнап «Атама» деген ырды жаздырууда.
Замир Мырза “Эсимде” деген аталыштагы ыр жыйнагын чыгарды.
Эмил Балтагулов балдарын, жубайын кошуп туруп “Балдарымдын апасы” аттуу ырына клип тартты. Клипти www.super.kg сайтынын Медиа-порталынан көрсөңүздөр болот.
Айбек Акматов продюсердик кылган Бек Исраилов жана Адилет Жумабек уулу Ялта шаарында өткөн“Чыгыш базары” аттуу сынак-фестивалдан финалчы болуп кайтышты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nurbek_posol
2011-10-03 17:24:36
Тааныбайт экем :(
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.