Төрт айдан бери үнү түгүл жыты чыкпай калган Жанэл аттуу ырчыбыз жакында эле Түркиядан кайтып келгенин билдирди. Ырчы кыз бир ок менен эки коёнду атып, бир жагынан окуусунан практикасын өтөп келсе, экинчиден, жети жылдыздуу мейманкананын дүкөнүндө сатуучу болуп иштеп капчыгын да калыңдата келиптир. Эми Жанэл сулуу тыныга түшкөн чыгармачылыгына билек түрө киришкени жатат.