Алексей Филатов бир маалыматтык борбордун алтын медалы менен сыйланганын айтып барбалаңдап сүйүнүп жүрөт. Эми эң башкысы, кайсы эмгегине алды дебейсизби. Жогоруда айтылган маалымат борбордун чечими боюнча “Мыкты алып баруучу, продюсер жана мыкты долбоорлордун автору” деген номинациялардын жеңүүчүсү деп табылыптыр. Бардыгы болуп добуш берүүгө 50 000 адам катышып, алардын ичинен 57 пайызы Лёшага өз добуштарын беришкен имиш.