Султан Садыралиев менен Айпери Кубик кызы 19-24-сентябрь күндөрү Якутияда гастролдо болушту. “Кечиккен чемодандардын айынан үч күн кийим которбой концерт бердик” дешет алар. Жылдыздарыбыз кечикпей кете берели деп Москва шаарынан башка учакка отурушкан. Ал эми чемодандар артынан келмек болот. Ошентип, чемодандар “отурган” учак кандайдыр бир себептер менен кечигип, ырчыларыбыз якутиялыктардын алдында ыңгайсыз абалда калышыптыр.