Ирина Ан жакында Ат-Башыга “Ат-Башым” аттуу ырына клип тарттырууга барганда кызыктуу сунуш алган. Кыргыз эли меймандос келет эмеспизби. Чыгармачыл топту тааныган-тааныбагандары деле эт тартып коноктошот. Ошондой меймандос бир үйдө конок болуп отурушса, үйдүн кожоюну Иринага “макул болсоң, уулума алып берейин” деп сөз кылганынан башында “бул тамаша го” деп маани деле бербейт. Акырында үй ээси тамашасы жок эле чындап айтып жатканын билген ырчы кыз так секирип, Ат-Башыдан кеткенге шашыптыр.