“Президенттикке коюу аста-аста, алып салуу бир паста” деп тамашага айландырган Борончу Кудайбергенов эми алып баруучулук кесипке кайырмак ыргытканын билдирди. Дегенибиз, ар бир алтынчы күнү кайсы бир телеканалдагы “Таңкы Сары-Өзөн” аттуу берүүдөн Борончу мырзаны көрүп калат экенбиз. Ал телеканал жалаң ырчы-чоорчу, комузчу, акындарды алпаруучулукка алчу эле, эми куудулдарды телетамада кыла баштаптыр.