“Тойдо кыз жоголот” деп бекеринен айтылбагандай, Таласта өткөн ат оюндарынын фестивалында алып баруучу Нурзат Токтосунованы ала качып кетиптир. Тойго да “ооруп жатам” дегенине карабай “алып баруучулук кызмат өтөп бер” деп чакырышкан. Көрсө, мунун баарын Нурзатка көзү түшүп жүргөн Айдар аттуу жигит уюштурган экен. Анан Бишкекке салып жиберимиш болуп баратып үйүнө алып барып, ак жоолук салып отургузуп коюптур. Нурзат жолдошу тууралуу: “Айдар менен көптөн бери эле тааныш болчумун. Мындан бир топ мурун “мага турмушка чык, бирок шоу-бизнести таштайсың” деген сунушуна макул болгон эмесмин. Бирок нике кайыптан качып кутулбайт экенсиң”,- дейт.