Бир бүркүм... АСФАЛЬТ-БЕТОН ЗАВОДУ ИШКЕ КИРЕТ...

  • Кытайдын 62 жылдык Көз карандысыздык күнүнө карата кытай-кыргыз чек арасы 1-9-октябрга чейин жабылат.
  • “Түркия Кыргызстандын 51 миллион доллар карызын биротоло кечти. Ошол эле учурда 10 миллион доллар грант бөлүп берет”,- деди ЖКнын төрагасы Ахматбек Келдибеков.
  • Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнө Орто Азиядагы туруктуулукту сактоо үчүн Казакстан 3 миллион долларга бааланган кайтарылгыс аскерий-техникалык жардам көрсөтөт.
  • 2012-жылдын күз айларында Кара-Балтада 800 миң тонна нефтини кайра иштетип чыгаруучу завод ишке кирет.
  • Баткен облусунда 20-июлдагы жер титирөөдөн кийин 13 мектептин окуучулары чатырларда сабак окуп жатышат”,- дейт Билим берүү жана илим министринин орун басары Г.Сооронкулов.
  • Чет өлкөдөн көчүп келген этникалык кыргыздар кыргыз жарандыгын алуу үчүн мамлекетке төлөнүүчү салыктан жана консулдук төлөмдөрдөн бошотулат.
  • Кулчулуктун курмандыгы болгон 123 адам эл аралык миграциялык уюмдун жардамы менен Кыргызстанга кайтып келишти.
  • 2012-жылдын 1-январынан тарта өлкөдөгү Ан-24 үлгүсүндөгү жүргүнчү ташуучу учактар колдонуу мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу пайдалануудан алынып салынат.
  • Кыргызстан Казакстанга 3,2 миллиард киловатт электр жарыгын 90 миллион долларга сатат.
  • Жалал-Абадда 2012-жылы муниципалдык асфальт-бетон заводу ишке кирет.
  • Кыргызстанда эки жылдан бери 44 чакырым чек ара гана такталып, Тажикстан менен 68, Өзбекстан менен чектеш 63 участок талаш бойдон калууда.
  • Жаштар иштери боюнча министрлиги Ч.Айтматов атындагы сыйлыктын сынагына документтерди кабыл алууну 15-октябрга чейин жылдырды.

Турдугүл Каримов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Muratbei
2011-10-04 06:40:47
Ushul bet maga jaga beret da.
0
OMG
2011-10-05 05:20:23
Maga da abdan jagat bir burkum janylyktar
0
№ 465, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан