Ушундай патриоттуулукка толгон ураан менен Жалал-Абад шаарында 18-сентябрда Республикалык биринчи жаштар форуму өткөрүлдү. Форумдун өкүлдөрү: “Саясатчылар өз максаты үчүн өлкөнү түндүк-түштүккө бөлүп, аны жөнөкөй саясий куралга айландырып алышкан. Адатта, бул ыкма шайлоо учурунда колдонулуп, өлкөнү бөлүп-жарууга алып келиши ыктымал. Ошондуктан шайлоо жакындаганда Кыргызстандын биримдиги, бүтүндүгү жана ынтымагы үчүн Жаштар форуму уюштурулду”,- дешет. Алар өлкөнү аймактык бөлүнүүгө жол бербөө үчүн бүткүл күчүн жумшоого сөз беришти. Ошондой эле болочок президенттерди Кыргызстанды түндүк-түштүккө бөлүүнү коомдук жолугушууларда, ЖМКга берилген маектерде, үгүт иштеринде колдонбоого чакырышат.