“Учурда президенттин маянасы “Дордой” базарында контейнер иштеткен соодагердин бир айлык кирешесине барабар. Бирок экөөнүн жоопкерчилигин салыштырганда ажонуку абдан эле көп”,- дешти “Кыргызстанды өнүктүрүү программасы” биримдигинин өкүлдөрү. Алардын айтымында, мамлекеттин коопсуздугуна жоопкер өлкө башчысынын айлыгынын 3 миң долларга жетер-жетпес болгону биздин коопсуздугубузга күмөн туудурат.
Аталган биримдик мамлекеттик кызматкерлердин эң төмөнкү айлыгы 500 доллардан кем эмес болушу керек экенин белгиледи. “Азыркы айлык жумушсуздук үчүн берилген жөлөк пулдан айырмаланбай деле калган”,- дешет нааразычылык билдирип. Биримдиктин өкүлдөрү мамлекеттик кызматкерлердин санын азайтып, бирок тез аранын ичинде айлыгын жогорулатууну талап кылышты.