«Ата Журттун» лидери Камчыбек Ташиев президенттикке талапкерлигин элден озуна биринчи жарыялаганы, ал күнү ажо болууга далалат кылган депутатты ак калпак менен чепкенге орошкону бүгүнкүдөй эсте. А бирок Камчыбек мырзанын бедели чокуга эмес, белди таяп, барган сайын рейтинги төмөндөп жаткандай сезилет.
Алдыңкы интернет сайттары жүргүзүп жаткан сурамжылоолордо да Камчыбек Ташиевге башкаларга салыштырмалуу добуш бергендердин саны аз экени байкалууда.
Буга кошумча «Де-факто» гезити жазгандай, Камчыбек Ташиев Аксыга барса, ал жакта дымагы күч талапкерди араң гана 300дөй киши тосуп алыптыр. Анысы аз келгенсип, алар талапкерди кууп чыгууга да үлгүрүшүптүр. Мунун баары «Ташиевдин бедели күн санап түшүп жатат» деген ойго аргасыздан жетелейт экен. Кыргызстандын түштүк аймагы учурда Ташиевден Мадумаровго ооп бараткандай.