“Президенттик шайлоонун алдында өлкөнүн тышында жана ичинде кырдаалды курчутууга кызыкдар күчтөр бар”,- деп Коргоо кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Бусурманкул Табалдиев билдирди. Анын айтымында, тышкы күчтөр – издөөгө жарыяланган реваншисттер. Айрыкча Жаныш Бакиевдин террорчулар тобу менен Кыргызстанга басып кирүү ыктымалдыгына байланыштуу ушак-айыңдар таралууда. “Тышкы күчтөр – өлкөдө жүргүзүлүп жаткан саясий өзгөртүүлөргө каршы пикирдегилер”,- деди. Анткени Борбор Азияда биринчи болуп Кыргызстан саясий системанын жаңы конструкциясын ишке ашырууда.