Аваз Акимов: «БИР ДА КЫЗДЫН КОЛУН КАРМАП, ӨПКӨН ЭМЕСМИН»

Мындан он жыл мурда биздин айылдагылар “Суранчынын жээни Сыймык Бейшекеевдин ак боз атын утуп алыптыр” деп айтышканы эсимде. Бир жыл өтпөй эле Сыймык ырчы менен бирге аккордеону өзүнөн чоң балакай чыкты сахнага. Ошол кездеги балакай азыр боз улан болуп чоңоюп, Аваз Акимов ысымы кыргызга таанылды.

  • Акимов Аваз Орозбаевич 1990-жылы 1-мартта Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылында жарык дүйнөгө келген.
  • Үй-бүлөдө төрт бир тууган. Эжеси, агасы үй-бүлө күтүшкөн, иниси окуучу.
  • Атасы дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен алектенет. Апасы үй кожойкеси.
  • КУУнун экономика факультетинде окуйт.
  • Сыр каталбаган мүнөзү бар.
  • Сыймык Бейшекеевдин жубайынын бизнеси бар, Аваз апасына жардам берип, өзүнө керектелүүчү каражатты өзү табат.

– Аваз, Сыймык Бейшекеев болбосо чы­гар­­мачылыкка аралашмак эмессиң да, э?
– Ооба. 2001-жылы Ошко байгеге ак боз ат коюп Сыймык атам концерт коюп барды. Аны уккан агам Сыймык Бейшекеевдин ырларын жакшы ырдаганымды билчү да, катыш деди. Ар кимден акча чогултуп, эртеси барып катыштым. Атамдын “Селкиге” деген ыры бар эмеспи, ошону аткарганымды бир билем, анда эми өспүрүм экенмин да, кол чабышса түшүнбөй эле сахнада тура берипмин. Финалда “Сары кызды” ырдасам, эл кол чапты, бир убакта ак боз атты жетелеп келатышат. Өзүмдүн атам абдан тартынчаак киши. Ошондо сахнага кантип учуп чыкканын өзү да билбей калганын азыр айтып эскерип калат.
– Ошол ак боз атың дагы деле барбы?
– Ак боз атым ак жолтой болду. Жылкы жаныбар бат эле картайып калат экен, башка малга айырбаштап ийгенбиз. Ошол концерттен кийинки жылы Сыймык атам акча коюп дал ошондой концерт коюп барды, мен дагы катышканы барсам, “былтыркы уткандар катышпайт” дешти. Ошол жерден концертке конок болуп ырдап, анан Сыймык Бейшекеев “балаңарды мага бергиле, алып кетейин” деп айтты. Сүйүнгөн ата-энем макул болушкан.
– Үй-бүлөдө кимдин чымыны бар эле, ырчылык кандан өткөнбү дейм?..
– Чоң энем куюлуштуруп сүйлөгөн, жакшы ырдаган адам эле, ошондон оосо керек небересине. Атам бир жолу Бишкекке дарыланганы жөнөп кеткен. Кечинде кайра келди, колуна ак аккордеон көтөрүп. Көрсө, жолго деген акчасына аккордеон сатып алып баса бериптир. Бизге “кимиңер үйрөнсөңөр, ошого аккордеон белек” деди. Аны уккан байкем ошол эле күнү үйрөнүп баштаган эле. Мен да өжөрдөнүп жүрүп 8 жашымда аккордеон ойногонду үйрөнгөм.
– Башка үй-бүлөгө көнүп кетүү кыйынга турду беле?
– 11 жашта элем. Башында айылдан шаарга келсем, өзүм кумир туткан адамдын үйүндө жашасам кантип көнөм деп жүргөм. Бирок бат көнүп кеттим. Анткени жылуу тосуп алышты. Алгач келгенде аке, жеңе дечүмүн. Кийин бирөөлөргө балам деп тааныштырганын көрүп, өзүм эле ата-апа дей баштадым. Силер билген Сыймык Бейшекеевди өзүмдүн атамдан кем көрбөйм. Кудайга шүгүр, эки апа, эки атам бар. Азыр ата-энемдер бири-бири менен катышып турушат. Эң эле ыңгайсыз учур эки атам, эки апам чогуу отуруп калганда болот. Ата деп чакырсам, экөө тең карашат же, тескерисинче, апа десем эки апам “оу” дешет. Анан аттарын атап айтпастан, “жок, сиз эмес, сиз” деп кайрылганга туура келет.
– Анда “мээримиңе, эне, сезим канбаган. Сен айылда, мен алыста жүрсөм да...” деген ырыңды өзүңдүн апаңа арнагансың...
– Туура. Ар бир бала энесин сагынат. Анткени эненин жыты баланын мурдунда калып калат. Бир жолу апамдын жытын сагынып отуруп жазган элем ырды.
– Калем кармап, кагаз чиймелеп койгон өнөрүң да бар экен да анда...
– Окуп жүргөндө Нурзада апам менен Сыймык атама арнап “Ыраазымын” деген ыр чыгаргам. “Өнөрүң улай алат балдарың, атыңыз эч өчүрбөй кармаймын. Бапестеп баккан апам, ак көңүл, айкөл атам...” деген саптар бар. Бул ыр менен мен өзүнүн балдарынан бөлбөй бапестегенин жеткирейин дегем. Апамдын 30 жашында ырдап, кармана албай ыйлап, элдин баарын жашыткам. Азыр да Сыймык атам, Нурзада апамдар менен бирге турам. Өз алдынча суранбай кетсем “сенин ата-энең бар. Суранышың керек, уулум” деп көзөмөлдөп турушат.
– Сенден Сыймык Бейшекеевдин сырларын сурайын, айтасыңбы?
– Атам ачылбай койсо, анда мен ачык мүнөз окшойм, ээ? Атамдын адамдык сапаты бийик. Ата катары, адам катары өтө сыйлайм. Өйдө көтөрүлбөйт да, ылдый түшпөйт дагы. Өз деңгээлин билген, калк кадырлаган адам.
– Мектеп дегенде артта калган алтын балалыктын издери эске түшөт. Сенде кандай?
– Айылда 4-класска чейин окугам. 1-класска барганда мугалимибиз “бою кичинекей экен” деп мени албай, эки кызга алмаштырып ийген. “А” класска окугум келген жаным “бга” отуруп калгам. Ошого намыстанып жүрүп майрам, кечелерде ырдап “а” класска көрүнөм деп эле жүрчүмүн. Бишкекке келип, 5-классты окубай калгам, бир жыл толук гастролдо жүрүп. 6-класстан баштап Бишкектеги №67-гимназиядан билим алдым.
– Музыкалык окуу жайга тапшырдың, чоңойдуң, студент болдуң...
– Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырдым. Нурлан Насип, Ильгиз Абдалиев деген досторум менен студенттик доорду жакшы сүрдүк. Нурлан экөөбүз гастролго кетип калсак, Ильгиз биздин ордубузга лекция жазып жүрчү. Эптеп-септеп окуу жайды бүтүргөнүбүз менен, үчөөбүз өнөрүбүздү көрсөтүп, таланттуу эле балдар болдук го дейм.
– Ошол таланттуу балдар таарынышып жүрүштү эле, кайра жазылыштыңарбы? Ортоңордо көралбастык оту тутанып кетти беле же жылдыз кесел жабышканбы?
– Чыгармачылыкта бүт нерсе болот. Бирде ырларың өтпөй калат, бирде артисттердин тили менен айтканда, атылып кетчү күндөр көп. Ал убакта бир аз пикир келишпестиктер болуп кетти. Бирок ал заман өттү, биз урушканга, таарынычка жол бербейли дедик. Азыр Нурлан, Ильгиз болуп “Достор” деген ыр жаздыралы, достордун гимни болуп калсын деп жүрөбүз.
– “Айганыштын үйүн айланып” ырдадың, эми кайсы кыздын короосунан кайып өтпөйсүң?
– Ырлардын өмүрү кыска, узак. Бир убакта бир ырың хит болсо, кийинки эле ырың арык аттабай калышы мүмкүн. Азыр башка ырларды “Айганыштын” деңгээлине жеткирүүгө аракетим зор.
– “Айгеримдин чачы, Айперинин кашы сонун” деп ырдап, гүлгө теңедиң, баары эле шоу-бизнестеги ырчы кыздар го, ыя?
– Ушул суроону берет деп тургам да. Ырдын сөзү “Жоролордогу” Жылдызбек Абдраимовго таандык. Башында жактырбай “баары эле шоу-бизнестеги кыздар экен, “ырчы кыздарга арнаптырдешпейби” дегем. Жылдызбек байке “ырдай бер да, кыргызда Айгерим, Айперилер жок бекен?” деп көндүрдү.
– Бир сезим бар, сүйүү деген. Сен кабылдың беле илебине?
– Чын айтайынбы, ушул убакка чейин кыз менен астейдил сүйлөшүп көргөн эмесмин. Жадакалса элге келген “тоок сүйүү” да мага келе элек. Бир да кыздын колун кармап, жүзүнөн өпкөн эмесмин. Келечекте жолугам деп жүрөм.
– Өзүң айткандай, “милашка” кызга үйлөнсөң, Сыймык Бейшекеев куруп жаткан үйдүн ачкычын карматат чыгар...
– Жакшы эстетип койдуңуз. Атам жакшы ниет менен көп кабаттуу үй куруп жатат. Үйлөнсөм, тойдо атам ачкыч көтөрүп келет деген үмүтүмдү үзбөй турайынчы.
– Ылайым ата-бала ээрчишип жакшы ырларды жаратып жүрө бергиле.

Бурул Исмаилова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Аваз Акимов:"Ата-энеге баймын"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Tatishka
2011-10-03 12:49:24
Авас жакшы жакшы ийгилик сага!
0
janym_88
2011-10-03 13:43:17
ийгилик сага аваз.
0
Shairgul
2011-10-03 17:58:56
Ата-энелердин кадырын ушундай дайым билип жур,ийгилик сагa!Ата-энелердин кадырын ушундай дайым билип жур,ийгилик сагa!
0
ikitaidesu
2011-10-03 19:34:13
Jamgyr menen jer kogorot, Bata menen el kogorot degendei ata enendi naarazy kyla korbo. Iygilik!!!
0
kyrqyz
2011-10-04 00:36:43
создорунон бал тамат го бул баланын
0
Arstan
2011-10-04 04:16:45
Азаматсын акылдуу бала экен,ийгилик каалайм!
0
nurbek_posol
2011-10-04 12:29:17
Таланттуу бала !
0
gulburak
2011-10-05 00:21:50
суйом да суйом сени
0
Karysh
2011-10-08 06:16:58
ийгилик сага!!!
0
nnnnn
2011-10-09 12:58:21
Сыймыктай улуу инсандан тарбия алып жатат экенсин суктанып кеттим . Ийгилик сага
0
stepboy
2011-10-23 00:07:41
просто класс
0
№ 465, 30-сентябрь - 6-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан