“Боз салкын” тасмасындагы Анаранын образы эсиңиздерде болсо керек. Бир канча кыргыз фильмдеринде роль аткарып, элге аты сиңип келе жаткан ошол таланттуу актриса биздин “Бойдоктор бурчу” рубрикабызда.
ЗАРЕМА АСАНАЛИЕВА
Туулган жылы – 1987-жыл, 25-ноябрь
Кичи мекени – Каракол шаары
Билими – Жогорку (Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун театр жана кино факультетин бүтүргөн)
Тартылган тасмалары – “Боз салкын”, “Уурунун махабаты”, “Гаишниктер” жана “Күкүк Шахра”
Хоббиси – Ырдоо, бийлөө
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
– Кино тармагына аралашып калышыңа ким түрткү болду?
– Мени таптап, экранга чыгуума Жамал Сейдакматова чоң салымын кошкон. Мектепти аяктагандан кийин бир жыл “Туңгуч” театрында актриса болуп жүрдүм. Баштапкы ийгиликтеримдин бири катары 2006-жылы “Нооруз” фестивалында “Менин революциям – менин сүйүүм!” деген спектаклде роль аткарып, “Мыкты дебют” наамын алганымды айта алам. “Махабат жылдызы” аттуу мюзиклде Чолпон деген кыздын ролун ойногом.
– Өзүң кандай ролго жакынсың?
– Негизи, бардык эле ролдорду ойногонго күчүм жетет. Бирок негедир мага көбүнчө трагедиялуу ролдорду сунушташат. Комедияга деле сунуштар болсо тартылмакмын.
– Кандай ролду аткаруудан баш тартмаксың?
– Биздин менталитетке туура келбеген ролдорду аткаруудан алысмын. Мисалы, кучакташкан, өбүшкөн жерлерин аткара алмак эмесмин.
– Көчөдөн сени таанып, сөөмөйү менен көрсөтүп, ыңгайсыз абалда калган учурларың болгонбу?
– Ооба, андайлар көп эле кездешет. Көбүнчө айылга барганда “Боз салкындагы” ролумду тажабай сурай беришет. Тасмада көбүнчө жоош кыздын ролун аткарат эмесминби. Ошого боору оорушат окшойт.
– Тасмага тартылуу учурундагы кызыктуу окуялардан айтып берсең...
– “Боз салкын” фильминде Сагын карышкыр тиштеп салган койду биздин үйгө таштап кетет го. Ошол жеринде өлгөн койду карап алып ыйлашым керек болчу. Бирок ал кой тирүү болгондуктан, ыйлайын десем эле маарай берип тоскоолдук кылган. Ушул эпизод аябай кызыктуу болгон.
– Актрисалыктан сырткары дагы кандай өнөрүң бар?
– Театрда ойнойм, ырдайм. Жакынкы аралыкта шоу-бизнеске аралашып, ырчы болсом деген ниетим бар.
– Жигиттердеги баалаган сапатың?
– Туруктуу, ыймандуу, түшүнүктүү мырзаларды баалайм.
– Ашканада кандайсың?
– Жакшы эле. Айымдарга тиешелүү бардык жумуштарды жасайм. Айрыкча камыр тамактарды.
– Турмуштук девизиң?
– Адам деген атка татыктуу болуу. Артымда из калтыруу. Мыкты актриса болуп, эмгегимдин үзүрүн көрүү.
Лунара Бекиева
star@super.kg