ЖЕТИМ СЕЗИМ...

– “Сени сүйбөйм... Кечир...” Бул сөздөрдү айтарың менен артыңды карабай бурулуп кетип калдың. Колуңдан кармап өзүмө тартайын десем, колуңду силкип, булкунуп алга кадам шилтедиң. Кала бердим. Андан башка аргам жок эле. Артыңдан чуркасам, балким, баары башкача болмок беле? Жүрөгүм өйүп, муздак таштын үстүнө башым кеңгиреп отуруп калдым. Караңгылай түшкөн көздөрүм бир гана сенин алыстап баратканыңды көрүп жатты.
Эмнесин жашырайын? Ичтим, ыйладым... Кыйналдым. Бул дүйнөдө мага жөлөк болгон адам бир гана сен элең. Көңүлүмдү оорутуп, азапка салсаң да, баары бир сени жакшы көрүп жүрдүм. “Убакыт дарылайт” дейт, балким, кийинчерээк чын эле унутармын.
Балдар үйүндө чоңойгондуктанбы, бир гана өзүмө ишенип жашап келгем. Таянар атам же эркелей турчу энем жок, көчөдө канча жолу ачка калып, канча түндү жылдыз санап өткөрдүм. “Өлбөгөн жанга жаз келет” демекчи, акыры чоңойдум. Ачка-ток жүрүп турмушка бышып калат экенсиң. Базардын баласы болуп, араба түртүп канча азап чектим? Канча жолу башым томуюп, канча жолу мурдум канап, акчамды алдырып жиберген күндөр өттү. Бирок акыры баарына жеттим. Бутума турдум. Азыр карасам, жашым 26га келип, башыман көп нерсени өткөрүпмүн.
Ушул бойдон сени көрбөсөм экен дейм. Жүрөгүмдү түпөйүл санааларга алдырбайын дейм. А бирок болбойт экен. Амансыңбы, барсыңбы? Бирөөнүн сулуу жарысыңбы? Бул суроолор мени түн уйкумдан айрып, азапка салып келди. Аттиң ай, жаш жүрөгүм неге мынча кыйналды экен?! Тагдырымдын менде кандай өчү болду экен?! Эч түшүнө албадым.
Сага жолуккан күнү жамгыр чакалап төгүп жаткан. Чачың суу тийгенинен тармалдашып, кабагың бүркөлө чыдамың кетип туруптурсуң. Эриндериң көгөрүп, үшүп да калсаң керек. Билбейм, негедир сени көрүп эле жан дүйнөмдө бекилген сезимдерим ойгонуп кетти көрүнөт.
– Жүрү, жеткирип коёюн,- деп ой-боюңа койбой, колуңдагы чоң баштыгыңды ала калып машинаны көздөй бастым. “Жок... Рахмат! Кереги жок. Байке...” деген сөздөрүңдү уккум да келбеди.
Жамгыр дыбырттап терезени ургулап жатты. Аны менен бирге жүрөгүмдүн согушу да ылдамдап, жамгырдын дабышы менен жарыша ойноп жатты.
– Коркпо, жөн гана үйүңө жеткизем. Ошол гана...
– Азыр оңго буруласыз. Анан жол менен түз кете бериңиз,- деп үн каттың.
Жамгырдан машинама ала качкан мен кантип жүрөгүмдү ээлетип койгонумду өзүм да билбей калыпмын. Чоң короонун дарбазасына токтоттуруп, рахматыңды айтып, коштошпостон чуркап кирип кеттиң. Чоң үйдүн терезелеринен сени издеп көпкө отурдум. Жарым сааттан кийин экинчи кабаттагы терезенин жарыгы күйүп калды. Күтүүдөн түңүлө терезени тигиле тиктеп калдым. Бир маалда пардаң ачылып, ак жүзүң жүрөгүмө жарык чачкансыды. Айлананы карап, бирок мени байкабадың. Ошол жамгырлуу түндөн улай таң атпай келип күтүү, кечинде сен жаткан бөлмөнүн терезесин аңдуу күндөгү адатыма айланды. Артыңдан бир айдай шыкаалап жүрдүм. Сени көрүп калсам, күнүм текке кетпеди деп сүйүнөм.
Адаттагыдай таң атпай келип үйүңдөн алысыраак токтоп, күтө баштадым. Бир маалда эшигим ачылып, жаныма отурдуң. Жүрөгүм дүкүлдөп, дем жетпей кетти.
– Тезирээк айдаңыз, окуума кечигип калам...
Дароо от алган унаам учкан бойдон окууңа жөнөдү.
– Сизди түңүлүп деле бүттү болуш керек дегем. Бүгүн эмнегедир кечирээк келдиңиз...- дедиң күлүмсүрөй.
– Жок, мен мурункудай эле... Күндөгүдөй эле келдим окшойт...
Тамашалашып жатып окууңа да жеттик. Шашыла сумкаңды аңтарып, кагазга номериңди жазып, колума карматтың.
– Көрүшкөнчө...
Мени бурулуп жылмая карап, узун, тармал чачтарыңды шамалга ойното чуркаган бойдон чоң имаратка кирип кеттиң. Бир топко чейин түшүмбү же өңүмбү деп ишене албай турдум. Базарга барып, болгон иштеримди бүтүрүп, чөнтөгүмдөгү бактымдын номерин улам тиктеп, кубанычым койнума батпай жатты.
Арадан убакыт өттү, сага байланып калдым. Сени көрбөсөм азып кетчүмүн. Сага болгон сезимдерим күндөн-күнгө күч алып, алоолоп жатты. Байдын кызы экениңди деле билчүмүн. Баарын түшүнүп турсам да, жалын сезимдерим акылымдын тилин алчу эмес... “Жетимдерге сүйүүгө жана бактылуу болууга тыюу салыныптырбы?!” деп чыныгы абалымды моюнума алчу эмесмин.
Ошентип, экөөбүздүн жүргөнүбүзгө эки жыл болуп кетти. “Окуумду бүтөйүн... Шаштырба...” деп сурандың. Ага да көндүм. Экөөбүз жолугушкан сайын той жөнүндө кеп козгосом, уккуң келчү эмес. Дагы бир жолугушууда той жөнүндө айтсам, ордуңан тура калып, “мен кетишим керек” деген бойдон кетип калдың. “Сени сүйбөйм... Кечир...” дедиң. Көрсө, сени мурун эле кудалап койгон экен. Мени менен такыр сүйлөшпөй, телефонуңду өчүрүп салдың. Үйүңө чакыруусуз барганга аргасыз болдум. Мени көргөндө эмне кыларыңды билбей, башыңды жерге салып кутулдуң. “Кызыңыздын колун сурап келдим, ата...” десем, атаң: “Мен кызымды жетимге бербейм! Ушуга тиймек белең?! Менин эл караган бетимди жер каратайын дедиң беле?! Жадакалса тарбия да көргөн эмес”,- деп кыйкырып, мени акырая карады. Ошол күндү такыр унута албайм. Көп өтпөй бир байдын баласына турмушка чыктың, уктум. “Тең теңи менен” деген чын экен” деген ойго токтолдум. Менин сезимдерим өзүмө окшош жетим экендигин эми түшүндүм. Бул сүйүү менин арманым беле же бактым беле такыр түшүнө албадым...

Бакыт

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Nevajno
2011-10-10 19:30:31
ох журогум ооруп кетти!баласынын бактысынан,суйуусунон да байлыкты ,абройду 1-орунга койгон аталар да бар эмесби!сабырдуу болунуз бактылуу кундор али алдыда!
0
Arstan
2011-10-10 20:10:23
Окунучтуу окуя экен.
0
Arstan
2011-10-10 20:10:34
Окунучтуу окуя экен.
0
Sutton
2011-10-11 02:03:45
Кыздар сезимдер менен коп ойнобосо ээ. Деги эле адам баласы башка бироонун сезимин алдабаса...
0
Syrgak
2011-10-11 07:01:35
Мальвина Уметбекова мыкты чыгарма экен. Озунуз жазсаныз анда таланттуу экенсиз. Жок эгер кочуруп, же которуп алсаныз уландысы барбы и каерден окууса болот?
0
almaz1979
2011-10-15 21:24:11
kapa bolbo al kyz ajyrashyp kayradan siler chooguu bolosunar kudaiym buyursa ,al seni suyot birok aylasy jogunan suybogon balaga ata enesinin sozunon chykpai kete berdi da,.......
0
MaksKG
2011-10-16 20:26:41
Эй досум ачканы ачка тушунот . Сени тушунуп турам.
0
Jakulinka
2011-10-17 03:39:37
jurok ooriut eken,sabyrdyn tubu sary altyn deit!balkim oz baktynyz ali aldyda 4ygar!
0
gulzaatkai
2011-10-19 12:25:40
Убакыт отот жашоо уланат бул сага болгон турмуштун сыноосу чыда.Суйууну суйуу гана дарылайт чын суйуунду тапканда алкызды эстеп жинин келет озуно болсо кулосун.
0
LD9R
2011-10-19 18:26:46
Убакыт баарын дарылай,болгону сабыр кылуу керек.
0
saltane
2011-11-14 10:10:03
Бакыт капаланба келечек алдыда, сени да суйгон сен да аны суйуп калган кун келээр. Ушунча азап- тозокторду кечирип жашап келипсин чыда! Саргара жортсон кызара бортосун дейт кыргызда. Бакыт шашылба сенин да кочондо майрам болот кудай буюрса!
0
Azor
2012-01-01 18:30:00
ой кудай
0
islambayishov
2012-02-26 02:28:51
окшош тагдырлар...бул ааламда байлык деген аты жаман оору канчасынын бактысын жеп жутуп, дагы эле тойбоду да койбоду...
0
sunu2015
2018-03-15 11:57:18
Сабырдуу бол.
0
Aza1983-1991
2018-03-15 14:13:08
Кызык кыз бактылуу болду бекен?
0
№ 466, 7-13-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан