ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

Япония

ФОНТАН СААТ
Япония дүйнөнү таң калтырууну улантууда. Япониялык инженерлердин дагы бир өзгөчө эмгеги – Токиодогу суудан жасалган саат (фонтан саат). Анын өзгөчөлүгү – сааттын формасы, сызыктары, сандар суунун тамчылары менен белгиленгенинде. Убакыт так көрсөтүлүш үчүн суу тамчылары аныкталган убакытта атылып турат. Чындыгында, бул ийне-жибине чейин эсептелген эмгектин натыйжасы экенинде шек жок.

ДААРАТКАНАГА ТАШТАЛГАН 130 МИҢ ДОЛЛАР
Сакадо шаарынын дааратканаларынын бирине белгисиз адам 10 миллион йен (130 миң доллар) таштап кеткени белгилүү болду. Шаардын мэриясы билдиргендей, белгисиз адам акчанын жанына кат калтырып кеткен. Катта: “Мен жалгыз адаммын. Бул каражатты Тохоку шаарынын тургундарына жардам катары берип койгула”,- деп жазылган. “Акчалардын бир бөлүгү банктын кагазына оролгонуна караганда, кыязы, жаңы эле банктан алынса керек” деген божомолдор бар.
Эскерте кетсек, ушул эле жылдын 11-мартында Япониянын Тохоку шаарында 9 баллдык жер титирөө болуп, шаарды цунами каптаган. Бул кырсыктын айынан көз жумгандардын жана дайынсыз жоголгондордун саны 19 миңге жеткен.

Түштүк Корея

ВИРТУАЛДЫК ДҮКӨНДӨР ИШТЕЙ БАШТАДЫ
Дүйнөгө аты чыккан “Tesco” тармактык супермаркеттери Түштүк Кореяда “Homeplus” (“Үй+”) аттуу жаңы интернет-дүкөнүн ачты. Максат – жаңы супермаркеттерди салууга каражат коротпостон, жаңы баскычка чыгуу. Аталган супермаркеттер метролордо орун алган, болгону, виртуалдуу. Бирок товарларды көргөндө супермаркетте эле жүргөндөй болосуң. Соода кылыш үчүн смартфон (акылдуу телефон) гана керек. Ал телефондун фотоаппараты менен керектүү товардын коду тартылып алынып, интернет аркылуу буйрутма кылынат. Кечинде үйүңүзгө барганда товар сизди күтүп турган болот.

Индия

АЛТЫН, КҮМҮШТӨН ЖАСАЛГАН МАШИНА
Мумбай шаарында Tato Nano машинасынын алтын, күмүштөн жасалган өзгөчө түрү коомчулукка көрсөтүлдү. Алгачкы баасы 1300 фунт стерлинг гана болгон бул машина чеберчилик менен кооздолуп жасалган соң баасы 3 миллион долларга жеткен. Мындай өзгөчө унааны жасалгалаш үчүн 80 килограмм алтын, 15 килограмм күмүш жана башка көптөгөн баалуу таштар колдонулган. Дүйнөдөгү бул жалгыз машина сатылбайт. Ал “Goldplus” зер дүкөндөрүнүн витринасынын көркүнө көрк кошуп, “Тата” автофирмасынын жарнагы катары калмакчы.

Тувалу

ИЧКЕНГЕ СУУ КОҢШУ ӨЛКӨДӨН ТАШЫЛЫП КЕЛИНҮҮДӨ
Тувалу аралдарында (Океанияга карайт) таза суунун тартыштыгы жаралып, айрыкча борбор шаары – Фунафути оор абалда. 11 миң калкы бар бул кичинекей көз карандысыз мамлекетке биринчилерден болуп Жаңы Зеландия кол сунду. Башкача айтканда, Жаңы Зеландиядан таза суу ташылып барууда. Өлкөгө суунун тартыштыгынан өзгөчө кырдаал киргизилди. Тувалуга океандын туздуу суусун тузунан ажыратып, таза суу алынуучу приборлор алынып келүүдө.

Норвегия

ЭЛЕКТР ЗЫМЫНА МҮЙҮЗҮНӨН ИЛИНИП УЧКАН КОЙ
Норвегиянын кичинекей Хелгойсанд шаарында кызыктуу окуя болду. Тоодон түшүп келе жаткан койлордун бири электр зымына мүйүзү менен илинип, ылдыйды көздөй шыпырылып, асылып калган. Күлкүлүү окуяга күбө болгон жергиликтүү жашоочулар учуп бараткан койго таң калышты. Куткаруучулар 5-6 метр бийиктиктеги койду зымдан алып түшүү үчүн бир сааттай убакыт коротушту. Кой аман-эсен калган.

АКШ

АТЛАНТИКАНЫН ТҮБҮНӨН 200 ТОННА КҮМҮШ ТАБЫЛДЫ
Америкалык “Odyssey Marine” компаниясы Атлантиканын түбүндөгү байлыктар али түгөнө элек экендигин далилдеди. Алар 1941-жылы Түндүк Атлантикага чөгүп кеткен “Герсоппа” кемесинен 200 тонна күмүш табышты. Анын бүгүнкү күндөгү наркы 233 миллион доллар. Кеме өз учурунда Индиядан Улуу Британияга алтын, күмүш ташыган. Ал катуу шамалдан улам чөгүп, анын ичиндеги 90 адам каза болгон. Арасынан бир гана адам тирүү калып, дал ошол киши аркылуу кемеде ошончолук күмүш бар экендиги белгилүү болгон.
Учурда табылган байлыктын 80 пайызы тапкан компанияныкы болору айтылууда.

ЖАРНАМАНЫН ОРИГИНАЛДУУ ТҮРҮ
Коомдук унаа түрлөрү адамдарды ташуу үчүн гана эмес, көп учурларда анын сырткы бети жарнак үчүн дагы колдонулуп келет. “VISA” компаниясы бул жолу "Wellington On a Plate" кулинардык фестивалына демөөрчү болуп, аны троллейбустун сыртына өзгөчө түрдө жарнама кылган. Тактап айтканда, рак жандуудай тартылып, троллейбустун зымдарын анын муруттарын эске салат.

Азамат Абдраев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
honestbek
2011-10-15 17:01:35
шумдугун кургур
0
Bishkekchanin
2011-10-15 19:20:25
Акылдуу телефон...
0
kubzero
2014-12-17 15:18:17
Turkun duino jakty maga
0
№ 466, 7-13-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан