Көптөгөн жомоктордо, ырларда, уламыштарда сулуулуктун символу катары сүрөттөлүп келген бул сырдуу канаттуунун дүйнөсү менен жакындан таанышып көрөлү.
ТООС – АЗИЯНЫН ЭЛЕ ЭМЕС, ДҮЙНӨНҮН СУЛУУЛУГУ
Биз павлин деп көнүп калган канаттуунун кыргызча аты – тоос. Тоос тоок сымалдар, анын ичинде кыргоолдор түркүмүнө кирет. Бул канаттуу 3000 жылдан бери табиятта өз ордун ээлеп келет. Айрыкча Индияда аны өтө баркташат жана ал 1963-жылдан бери өлкөнүн расмий символу болуп саналат. Аларды үй канаттуулары катары кармоо Индияда башталган. Ал эми Иранда тоос расмий түрдө болбосо да мамлекеттин символу катары эсептелет.
Бул тоок сымалдардын мекени – Индия. Тоостун канат-куйруктары аялдардын жана үйдүн жасалгаларына колдонулган. Байлар тоосторду хан сарайларынын көркүн ачуу үчүн кармашчу.
Искендер Зулкарнайн (македондук Александр) Азия чөлкөмүнө келгенде бул кооз канаттууну өз мекенине ала кеткен. Ошондон баштап батышта тоосту үйлөрдө кармап, багуу модага айланат. Ошентип, тоос байлыкты даңазалоочу канаттуу болуп чыга келет. Андыктан тоостордун саны көбөйө баштайт да, эти чүйгүн тамак (деликатес) катары дасторконго коюлууга өтөт. Бирок эти акырындык менен башка жандыктардын эти менен алмашкан. Бүгүнкү күндө тоостун эти кафе-ресторандарда деликатес же жөн гана даамдуу эт катары сунушталат.
“ГАРЕМ ТҮЗҮП” ЖАШАШАТ
Тоостор Индия, Бирма өлкөлөрүндө жана Шри-Ланка, Ява аралдарында кездешет. Көбүнчө токойлордо, жыш өскөн бадалдуу аймактарда жашашат. Тамак издеп айыл чарба плантацияларына чейин келишет. Бул канаттуулар тамак тандашпайт. Сойлоп жүргөн курт-кумурскаларды, чөп-чарларды жей беришет. Алар дээрлик оорушпайт. Жашоосунда көптөгөн канаттуулар сыяктуу полигамия орун алган. Тагыраак айтканда, бир эркек тоос бир нече ургаачы менен “гарем түзүп” жашоо кечирет.
Окумуштуулардын айтымында, бир кезде алардын бир эле тобунда миңге чейин тоос болуп, чоң колония болуп жашашкан. Бирок акырындап топтогу тоостордун саны улам азайып отурган. Учурда бир топтон 6-7 эле тоосту кезиктирүүгө болот.
КАНАТЫ ЭМНЕ ҮЧҮН КУЛПУРАТ?
Жапайы жашаган тоостор жыш бадалдуу аймактарда жерди казып уя салышат. Уясын кургак чөп же канаттуулардын мамык жүндөрү менен төшөп, ургаачылары 4-7 жумуртка тууйт. Жумурткаларын бир айдай басып чыгарат. Балапан чоңоюп, 3 жылда тукум улоого жарап калат. Деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте жайгашкан жунгли токойлору алардын жашоосу үчүн өтө ыңгайлуу. Тоостор тооктой эле мыкты чуркап, кычык-тешиктерге кире качып жашынууга жөндөмдүү. Салмагы орточо эсеп менен 4 килограмм болот. Куйрук-талдарындагы канаттарынын узундугу 100-120 сантиметрге жетет. Тоостордун жупташуусу бир жылда 3 ирет жүрөт. Дал ошол мезгилде эркектеринин куйругундагы канаттарынын өңү өзгөчө кулпуруп чыга келет. Алар ошол кооз канаттарын жайып, ургаачыларынын көңүлүн бурдурууга аракет кылышат. Жуупташуу маалынан кийин тоос түлөп, куйрук-талдары түшүп, жүдөө тартып калат.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Азамат Абдраев
koom@super.kg