ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Греция

30 МИҢ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕР ИШТЕН КЕТЕТ
Өлкөнүн тышкы карызы 350 миллиард еврого жетип, банкрот болуу алдында турат. Бюджеттеги таңсыктыкты жоюу максатында министрлер кабинети тарабынан аткаминерлерди эмгек резервине өткөрүп, бир жылдан кийин 30 миң мамкызматкерин иштен алуу чечими кабыл алынды. Учурда 2011-жылдагы казынанын тартыштыгы ички дүң продуктынын 8,5 пайызын түзөт. Эгер Греция таңсыктыкты азайта алса, анда Евросоюз жана Эл аралык валюталык фонду бере турган 109 миллиард евро көлөмүндөгү насыяны ала алышат.

Дания

АЛГАЧКЫ ПРЕМЬЕР-МИНИСТР АЙЫМ
Социал-демократтар партиясынын лидери Хелле Торнинг-Шмитт Даниянын тарыхындагы алгачкы аял өкмөт башчы болду. Ал октябрда өлкө ханышасы Маргрете II тарабынан дайындалды. Торнинг-Шмитт 44 жашта. Буга чейин саясатта көптөгөн кызматтарда иштеп, 1999-жылы Европарламенттин депутаты болгон. Партиянын он жылдан берки биринчи жеңишине байланыштуу жаңы премьер “кыйынчылыктар акыры өз жемишин берди” деп баяндады.

Молдавия

ИШКЕ ЧЫКПАГАН ДЕПУТАТ МАЯНАСЫНАН АЙРЫЛАТ
Молдавияда “Чечимге каршы чыгып, иш таштаган жана негизсиз иштен калган депутаттардын айлык акысынын бир бөлүгү кармалат” деген мыйзамдын долбоору кабыл алынды. Мындай сунуш либералдык партия тарабынан көтөрүлдү. Анын негизинде депутат отурумга келбеген чакта ошол күнкү айлыгынан кол жууйт. Бул мыйзам долбоору башкаруучу партиялар тарабынан колдоого алынса, оппозициячыл Коммунисттер партиясы каршы чыкты. Анткени бул партия бир канча жолу парламенттик отурумдарга бойкот жарыялап, эки ай ишке чыкпай койгон.

Орусия

ПУТИН КУДРИНДИ САДАГА ЧАПТЫ
Орусияны 2008-жылдын каржылык каатчылыгынан сактап калган жана 11 жылдан бери Каржы министри болуп келген Алексей Кудрин өлкө башчысынын жарлыгы менен иштен кетти. Иштен кетүүсүнө жакында АКШда “Russian Today” телеканалына берген маегинде президент Медведевдин саясатын жактырбасын, ошондой эле куралдуу күчтөргө акча көп бөлүнгөнүнө каршы экенин билдиргени себеп болгондой. Ошондон улам Медведев анын отставкага кетүүсүн талап кылган. Кызыгы, Кудриндин досу болгон премьер-министр Путин мындай чечимге каршы чыккан жок. Буга чейин эксперттер “шайлоодо Путин Кудрин менен ынак болгондуктан, тандемди бузуп, Медведевди эмес, Кудринди өкмөт башчы кылып коюшу ыктымал” деген жоромолдорду айтып келишкен.

Ливия

СААДИ КАДДАФИ СУРАККА АЛЫНАТ
Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин үчүнчү уулу Саадиге Нигерия баш паанек берген болчу. Эми Нигерия бийлиги Ливияда жаңы түзүлгөн көтөрүлүшчүлөрдүн бул өлкөгө келип Саадини суракка алуусуна уруксат беришти. Ошол эле учурда Саадинин Ливияга экстрадицияланбай турганын баса белгилешти. “Сурак алуу Нигерияда гана жүргүзүлүшү шарт. Анткени Ливияда соттор туура чечим чыгара алышпайт. Саадини дарга асышы да мүмкүн”,- деди Адилет министри. Учурда Ливиянын лидеринин уулу Нигериянын борбор калаасы – Ниамейде.

Беларусь

ЛУКАШЕНКО АТААНДАШЫН БОШОТТУ
Беларустун президенти Александр Лукашенко “массалык баш аламандыкты уюштурган” деп 5 жылга эркинен ажыратылган Дмитрий Уссту бошотту. Ал чыкканга чейин ден соолугуна байланыштуу Минск шаарындагы абактын ооруканасына жаткырылган болчу. Усс өзүнүн бошотулушун АКШ менен Евросоюздун Беларуска көрсөткөн кысымынан улам деп эсептейт. Эске салсак, 2010-жылы өткөн президенттик шайлоодо өз талапкерлигин коюп, өтпөй калганда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн 10 миңдей адам митинг уюштурган. Анын жыйынтыгында Усс менен кошо 4 талапкер камакка алынган.

Турдугүл Каримова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 466, 7-13-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан