ГРУЗИЯ КАНТИП РЕФОРМА ЖАСАЙ АЛДЫ?

Ички иштер министрлигин реформалоо

(Башталышы өткөн сандарда)

Грузиянын Ички иштер министрлигинин реформасы тууралуу макалабыздын башында кыргыз жана казак МАИ кызматкерлери тууралуу эл оозунда айтылып калган анекдоттон баштагыбыз келди. Жолдо бараткан машинаны биринчи тоскон кыргыз МАИчиси кийинки постто турганына телефон чалып: “Мен мындан акча алдым, сен да токтотуп акча ал”,- деп айтат экен. Ал эми биринчи посттогу казак МАИчиси тоскон машинасы тууралуу экинчи посттогуга: “Мен бул машинаны тостум, сен тоспой эле кой”,- дейт экен. Чындыгында, бул анекдот эмей эле ачуу чындыкка айланып калган. Ал эми Грузияда реформага чейин МАИ кызматкерлери жолдо бараткан унааны 3 чакырым сайын токтото берчү экен.
Ооба, көпчүлүк өлкөлөрдө укук коргоо органдары паракорчулукка, коррупцияга малынган мекеме катары каралат эмеспи. Алгач Грузиянын чек арасынан өтүп баратканда көзөмөлдөө жайында “Кош келиңиздер! Грузия – коррупциядан арылган эркин мамлекет” жана эскертүү үчүн “Эсиңиздерде болсун! Грузиянын мыйзамы боюнча, пара берген кишиге 7 жылга чейинки эркинен ажыратылган жаза берилет” деген жазуу турат. Муну окуган адам “аа, баягы эле куру сөздөр тура” деши мүмкүн.
Негизи, Грузиядагы реформалардын башында ушул ИИМ турат. Грузиянын Ички иштер министри Вано Мерабишвили: “Биз “акырындан реформа жасагыла” деген европалыктарды укпай, чукул жана катаал реформаларга өттүк. Бир күндө 15 миң кишини жумуштан айдадык”,- дейт.
Жумуштан кеткендери каршылык деле көрсөтүшпөптүр. Анткени эми бул система башкача иштээрин билишкен. МАИнин ордуна Американыкындай кылышып бардык техникалык жабдыктарды да өзгөртүшүптүр. Алар мурункудай буйткаларда турушпайт, жолдогу тартипти жолдо жүрүп эле көзөмөлдөшөт. Жаңы форма, жаңы система, жаңы имарат, жаңы адамдар келип, өзгөрүүлөр дароо башталыптыр. Полициянын айлыгы 20 доллардан 2000 долларга чейин көтөрүлүү менен чоң жоопкерчилик да жүктөлүптүр.
Паракорчулук менен иштеген өзүнчө бөлүм түзүлүптүр. Жаңы имараттарын жалаң айнектен салып, аны менен ачыктыктын белгисин бергиси келишкен. Ал эми Полиция академиясына ЖОЖду бүткөн гана адамдарды окууга ала башташыптыр. Башкача айтканда, билими бар, белгилүү бир деңгээлде аң-сезими калыптанган жаштарды топтоону көздөшкөн.
Грузия бийлиги бардыгын жаңылоо менен полицияларга жаңы демди берип, паракорчулуктан алыстоо мүмкүнчүлүгүн түзүшкөн. Мурун 10 ларинин экөөсү катардагы МАИчиде калып, калганы министрге чейин кетчү экен. Бирок булар менен дароо өзгөрүү боло койгон жок. Анткени алардын адаттары ошол бойдон калган. Ал паракорлор менен жашыруун камералар аркылуу күрөшүшкөн. Ошентип, ар бирин атайын кызматкерлер кармап отуруп, анысын күн сайын сыналгыдан көргөзүп жатып, коомго абал өзгөргөнүн айтууга жетишишкен. 50 доллар алган парасы үчүн 10 жылга камакка алышкан.
Натыйжада, эл полиция дегенде мурунку паракорлор тууралуу сөз кылышпай, сылык-сыпаа иштешкен тартип сакчылары тууралуу айтып калышкан. Эл мурункудай бир көйгөйү болсо “мыйзамдагы ууруга” кайрылбай, полицияга кайрылып, ишеним арта баштаган. 2010-жылдын тогуздун айында Эл аралык республикалык институт элдин полицияга болгон ишенимин 84 пайыз деп аныктаган. Бул көрсөткүч 2003-жылы 5 пайызды гана түзчү. 2004-жылы кулжа айынын жыйырма төртүндө Михаил Саакашвилинин демилгеси менен парламент дүйнөлүк юридиканын практикасында боло элек “Уюшкан кылмыштуулук жана рэкет” жөнүндө мыйзам кабыл алган.
Мында биринчи жолу расмий түрдө “мыйзамдагы ууру”, “уурулар дүйнөсү”, “разборка” деген терминдер кабыл алынган. Буга байланыштуу “уурулар дүйнөсүнүн” кишилери кылмышы үчүн эмес, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгону үчүн камакка алынышат. Албетте, муну менен бардык маселелер чечилген эмес. Мисалы, баңгилик боюнча бир топ көйгөйлөр бар. Алардын да жазасын күчөткөн. Айтсак, баңги машина айдап жүрбөсө да, айдоочулук күбөлүгүнөн 3 жылга ажыратылган, курал сактоого, мамлекеттик мекемеде иштөөгө тыюу салынган. Муну менен көчөдөгү баңгилердин санын азайтышкан. Азыр Вано Мерабишвили: “Биз элге кызмат өтөгөн мекемебиз. Ошондуктан дайыма тейлөө шарттарыбызды жакшыртуунун үстүндө иштейбиз”,- дейт. Мынакей алар өздөрүн калкка иштей турган мекеме экенин түшүнүп жетишти.
Биздин өлкөнүн да Ички иштер министрлигинде жакшы иштер, өзгөрүүлөр болуп жаткандыр. Биз аны сыноодон алыспыз. Бизде деле эл менен мамилени жакшыртуу үчүн “Менин милициям мени коргойт” акциясы жүрүп турат. Учурунда Данияр Үсөнов Бишкектеги милиция кызматкерлеринин айлыгынын эң төмөнкү өлчөмүн 5000 сом кылган эле. 7-апрелдеги революциядан кийин Убактылуу өкмөт да биринчилерден болуп укук коргоо органдарынын эмгек акысын көбөйтүүгө өткөн. Айрым чоң кылмышкерлерди кармаганын же ачыла элек иштердин бетин ачканын айтып калышат. Бирок биз мамлекет катары кайсы бир мамлекетке үлгү көрсөтө албай же мейли үлгү көрсөтпөй эле коёлу, натыйжалуу иштей албай келебиз.

(Уландысы кийинки сандарда)

Эмил Үмөталиев,
Жаныбек Абидетегин,
Мирсулжан Намазалиев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 466, 7-13-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан