“Атлантида” телесериалындагы баш каарман, орусиялык белгилүү актёр Алексей Завьялов 30-сентябрь күнү оор жаракаттан улам каза болду. Ал эки ай мурун парашюттан секирем деп башынан жаракат алган эле. Дарыгерлердин анын өмүрүн сактап калууга болгон аракети текке кетти.
Айта кетсек, актёр 15 жылдан бери театрда эмгектенген. Баш-аягы 20дан ашык тасмага тартылып, 20га жакын спектаклде роль жараткан. Артында жубайы жана эки уулу калды.