АКШнын президенти Барак Обама ырчы Леди Гагага карата терс оюн билдирди. Бир кечеден ырчынын таң калычтуу келбетин көргөндө президенттин кыжыры келген. “Анын турган турпаты чочута тургандай эле, кийген бут кийиминин такасы 20 сантиметр экен”,- деп жактырбаганын жашырган эмес. Леди Гага азырынча Барак Обаманын мындай терс пикирине комментарий бере элек.