НЮША ӨГӨЙ ЭНЕСИ МЕНЕН КУРБУ

Жаштыгына карабай сахнаны багынтып, популярдуулук арттырган ырчылар көп. Төмөндө биз сөз кылуучу ырчы быйыл 4-июнь күнү борборубуздун түнкү клубдарынын биринде талантын тартуулап кеткен. Анын “Керемет” аттуу ырын күйөрмандары кайра-кайра суранып ырдатышкан эле.

НЮША ВЛАДИМИРОВНА ШУРОЧКИНА
1990-жылы 15-августта Москва шаарында музыканттын үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Өз аты Анна. Нюша деген лакап атты сахнага чыгар алдында атасы экөө тандап алышкан. Атасы Владимир Шурочкин “Ласковый май” тобунун продюсери жана ырчысы. Апасы Ирина Шурочкина жаш кезинде рок ырчысы болчу.
Нюша эки жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетишкен. Көп өтпөй атасы Владимир Оксана аттуу айым менен баш кошот. Бул тууралуу Нюша: “Мен эч качан атамды башка аялга кетип калды деп күнөөлөгөн эмесмин. Анткени ал мага да убактысын бөлгөнгө жетишчү. Атамдын аялын курбумдай эле кабыл алам. Биз көп ирет чогуу саякаттап келгенбиз”,- деп айтып калат.

НЮША ЖӨНҮНДӨ

  • Хип-хоп, соул, жаз стилдеринде ырдайт.
  • Курбулары “Ню” деп чакырышат.
  • Келечекте бий мектебин ачууну кыялданат.
  • Өзүн актриса катары да сынап көргүсү келет.
  • Учурда бир нече жанрды камтыган китеп жазууда.
  • Жалгыздык чыгармачылыктын өсүшү үчүн өтө керек деп эсептейт.
  • Жакында экинчи альбому жарыкка чыгат.
  • Мультфильмге тартылууга сунуш алып, ага макулдугун берди.
  • Волейбол ойноого кызыгат, фитнес менен машыгат.
  • Мария аттуу сиңдиси бар.

КЕЧИККЕН САПАТЫНАН АРЫЛА АЛБАЙТ
Ырчы бала бакчага барган кезинен тарта англис тилин үйрөнүп, ырчылыкка да кызыга баштаган. Беш жашында студияга барып ырдап абдан кубанып келгенин, наушник кийсе башынан да чоң болуп калганын эстеп күлүп калат. Кызынын талантын байкаган ата продюсерликти колго алат. Анткен менен Нюша музыкалык билим алган эмес. Болгону, сегиз жашынан тартып бир жарым жыл бою сольфеджио (соль, фа ноталарынан алынган сөз – «музыкалык сабаттуулукту өстүрүү») менен алектенген. Фортепианодо ойнойт, бирок өзүнүн айтымында, мыкты деңгээлде эмес. Ошондой эле кичине чагында бокс менен машыкчу. Ал эми чоң сахнага 11 жашынан тарта “Гризли” деген топто ырдап чыга баштаган. Аталган топ менен Германияда өткөн концертке катышкан.
Өгөй апасы Оксана спорт гимнастикасы боюнча чебер болгондуктан, Нюшага бий жана сахнада өзүн кандай алып жүрүү боюнча сабак өтчү. Ал кезде ырчы эрке кыз болсо, бүгүнкү күнү токтолуп, ар бир ишке жооптуу мамиле жасаганды үйрөндү. Бирок чакырылган жерге кечигип баруу адатынан арыла албай убара.

ДЕПРЕССИЯДАН ЫР ЖАРАТЫП...
Анна толук кандуу Нюша болуш үчүн паспорттогу атын да алмаштырган. Ошондон кийин ал бардык сынактарга Нюша деген ат менен чыга баштаган. 14 жашында “Жылдыздар фабрикасы” теледолбооруна катышып, жашы жете электигине байланыштуу өтпөй калган. Ошентсе да ар кандай кароо-сынактардан калган эмес.
Ырчынын жылдызы 2007-2008-жылдары жана баштаган. “СТС супер жылдызды жандырат” деген телесынакка катышып, 1-орунду жеңип алат. 2008-жылы Эл аралык “Жаңы толкун-2008” сынагынын финалчысы болуп, 7-орунду алган. 2009-жылы “Айга улуу” (“Вою на луну”) аттуу ыры жарык көргөн. Өзүнүн айтымында, бул ыры жигити менен эки жолго түшкөндө депрессиядан улам жаралган. Аталган чыгармасы менен “Жылдын ыры-2009”, “Эфирдин Кудайы” сыйлыктарынын лауреаты болгон. 2010-жылы ырчынын “Сөзүмдү бурба” (“Не перебивай”) аттуу чыгармасы чыгып, бат эле популярдуулукту багынта алды. Ошондой эле Нюша “МузТВ-2010” сыйлыгынын “Жыл жаңырыгы” наамына талапкер боло алган. Ырчынын алгачкы альбому “Кереметти тандоо” (“Выбирать чудо”) деп аталат.

СҮЙГӨНҮ ЫРЧЫ БОЛУШУН КААЛАБАЙТ
Нюша Москва менен гана чектелип калгысы келбейт. Эгерде мүмкүнчүлүгү болсо, Жанет Жексон, Кристина Агилера, Стиви Уандер, Эрика Баду, Ди Энжелло, Алишия Кис менен дуэт ырдагысы келет. Нюшанын француз ырчысы Тиллес Лука менен аткарган дуэти бар. “Учурда ырчы “Кыйнаба” (“Больно”) ырынын клибине тартылган Александр Радулов аттуу жигит менен сүйүү мамиледе” деген сөздөр айтылып келет. Бирок ал “жүрөгүм бош” деп айтуудан тажабайт. Жана келечекте сүйүктүүсү шоу-бизнес чөйрөсүнөн алыс болушун каалайт. Биздин каарман ушак-айыңдарга көңүл деле бурбайт. Бир ирет “Нюшанын атасы олигарх” деген аңыз тараганда: “Эгер атам чынында эле олигарх болсо, мен азыр Лондондо окуп жүрмөкмүн”,- деп айтылган сөздүн ушак экенин айгинелеген. Учурда ырчы апасы менен Москвада жашайт.

Венера Кабакбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жылдыздар жөнүндө - Нюша
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Titi
2011-10-10 10:46:45
мен суйом бул ырчыны суйом
0
samaraaa
2011-10-15 19:32:51
обажаю Нюшу!
0
№ 466, 7-13-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан