Шоу-бизнесте ырдай алабы, жокпу, өң-келбети келишсе эле ырчы болуп алгандар арбыды. Арасында чымыны барлары деле, таптакыр таланты жогу деле жүрөт, ырчынын санын көбөйтүп. Бир толкун каптап, андан чыга алгандары саналуу гана калса, акчалуулары ага карабай өйүз-бүйүздөн чумкуп өтүп жүрүшөт. Мурункуну кой, береги эле бир жыл ичинде “жылдыздар” жымыңдап өтө көбөйүптүр.
БЕКтин “АРМАНЫ”
Адегенде Бек Борбиев менен Алтынбек Алымовдун “Арманынан” баштасак. Жаңы жылдын алды менен эле Берадор мырза концерт берип, “Арман” деген топ түзгөнүн кабарлап, топтун тушоосун кескен. Анткен менен пиар жагынан ат чабым алыста калгансыйт, чаңы чыкпай. 4 жигиттен турган “Арман” тобу сахнанын жүзүн бир гана Бек мырзанын концертинде көрүүдө. Ошондон улам ой кетет, “бу топту Берадор менен Алтыке жалаң гана өздөрүнүн концерттеринде ырдатабыз деген ниетте түзүшкөнбү?” деген.
“Бек концерт коёт. Бек укмуш ыр жазды. Алтынбек “Ак кушун” созгондо, ий...” деген сөздөр негедир бул топко айтылбай арманда. “Эч кур десе жигиттердин аттарын билип алсак болмок” деген кара көздөр канча? Күтө туралы, “Армандын” армандабай, шатыра-шатман кол чабууларга арзып кала турган күнү бардыр.
“ИМПУЛЬС” КЫРГЫЗДЫН “ВИА Грасы” БОЛБОЙ...
Үч кыздан турган “Импульс” деген топ ачылган болчу. “Элдин тамырын тартып, укмуш ыр жаратат. Кыргыздын “ВИА Грасы” болот” деп кээ бирлер үмүт этишкен. Тамырын тартып-тартпай жатып топ жоюлуп, жаңыланды. Экстерден кеп кылсак, “Импульс” тобу эки клип тартып, үч ыр жаздырган боюнча дайын-оту чыкпай калган. Жок, жаңылыштым, “Импульс” “Миң кыял FM`де” гана жаңырып калган эле да.
Кыскасы, “Эски бакты” жаңыртышса да, өзбектердин киносунан саундтрек кылып ырдап, клип тартышса да, “Импульс” миң түркүн кыялдарда гана жаңырып кала бергенсиди. Азыр топтон эки кыз кетип, ордулары башка кыздар менен толукталды. Кокустан жаңы кошулган кыздар калктын күрөө тамырын тартып ырдай алышса, анда эле “азаматтар!” деген мактоо сөзгө арзышат.
АЙБЕКтин “БЕЙНЕСИ”
Шоу дүйнөдөгүлөр “биз карыдык, кезекти жаштарга берели” деп топ түзгөнбү дейин десең, дегеле кебелбей сахнадан түшүшпөйт. Айбек акем да башкалардан эмнем кем деп “Бейне” деген топ ачты, 3 жигиттен турган. “Бейненин” бетин эл-журт бир гана жолу көрдү окшойт. Кайсы бир телеканалга Айбек, Гүланда ээрчите барышыптыр аларды. Ошол боюнча Карымовдун балдарынан дайын жок. Анча-мынча гана радиолордо ырдап калбаса, жигиттердин карааны көрүнбөйт. Бир клип тарттырган экен, аны пираттык дисктерге деле таратып койбоптур да.
Бир билгеним, бир укканым, “ай, диги-дигидай” деп ырдын кайырмасын созгондору эсимде калыптыр жигиттердин. Демек, алма сабагынан алыс түшпөгөн. “Бейненин” балдары кудум Айбек агасындай болуп “оо-ий, диги-дигидай” деп созуп, элдин эсин оодарып, ырлары менен сугара беришине тилектешпиз.
АЙКО – АЙЧҮРӨКтүн КӨЧҮРМӨСҮ
Айчүрөк айым ырчы кыздарды таптап чыгарып, “кайра тээп кетет экен” деп коркпой деле калды болуш керек. “Чырпыкты чынар кылдым” деген макалды ушул айымга байласак болот. Чырпыгы чынар болгондо чыр көрсөткөнүнө кейип жүрдү көпкө. Кийин “Клараны мен чыгардым” деп жүргөндө Клара Айчүрөккө суу куйду, “Айчүрөк эже күйөөсүнө мени жамаптыр” деп. Ага карабай Айко аттуу ырчыны азыр сахнага таптоо менен алек. Анжеликаны көргөндө “Айчүрөктүн эле көчүрмөсү” деген адамдар азыр Айкого карата ушинтип айтып калышыптыр. Күлгөнү, сүйлөгөнү, ал гана эмес, башын кылтыңдатып ырдаганы да Айчүрөк эжесинин өзү экенинен күмөн жок. Ишенбесеңер Айко аткарган “Кыргыз-и-станим” (кадимки «ы» тамгасын «и» деп айтуу жаш ырчыларда илдетке айланбадыбы) деген ырдын клибин көрсөңөр болот. Бир кездеги Айчүрөк ырдачу “Роза гүлү” менен “Кызыл гүлү” жадыңарда болсо, албетте.
КЕНЖЕнин “ЖЕБЕСИ”
“Кыз-Бурактын” чыры “АГК” тобу түзүлгөндө күчөп, “Жебе” чыкканда араң басаңдабадыбы. Кенже кыйын, “көрсөтөм дедимби, көрсөтөм!” деп жинденип, бир буту Казакстанда, бир буту Кыргызстанда болуп жүрүп да “Жебесин” катуу “атууда”. Жер-жерлерди кыдырып концерт койгонго да жетишти. Топтогу беш жигиттин кимиси ким деп айырмалай албайсың. Баары “кореамания заводдон” чыккансыйт чачтары үрпөйүп, беттери бозоруп. Үн жагынан алып карасак, жетекчи апчесине окшоп “р” тамгасына катуу басым жасабай, жумшартып ырдашат. Азырынча бир эле ыры жаңырууда, “Кечинде келемин сага” деген. Ага да Кенже эжекебиз кошулуп алган. Элестеткиле, 3 куплеттен турган ырды алтоо жарышып ырдап, күткөн адамына алтоо кетип баратканын. Канткен күндө да “Жебенин” жаалары (ырлары дегеним) бутага буйтабай тийсин дейли.
МЫНДАН СЫРТКАРЫ...
“Sexy, sexy” деп берилип ырдаган Арман деген ырчы бар. Арманды “Энрике Иглесиасты кумир тутат же туурайт” деп сындагандар четтен чыгат. Саламат аттуу ырчыны “Виктор Цойдой ырдап жатам деп элестетпей эле койчу” деп күлгөндөр көп. Амир Аскаров, Абир Касенов өңдүү ырчыларга “бир укканга болот” деген пикирлер айтылса, Энджейге “жүрөктү түшүрбөчү, көп боёнбо-о” деп жакаларын кармагандар аз эмес. «02.14» тобундагы жигиттерди «англисче акцент менен ырдашат. Үндөрүн компьютерде жасашат» дешет. Анткен менен аталган топ Жанат аттуу англис тилинде ырдаган жигити менен жаштарга сүңгүдү.
Акырында айтарыбыз, мейли чачын өстүрүп, көзүн боёшобу, мейли жөн гана бийлешеби, өнөр бар болсо, көрсөтө беришсин. Эң негизгиси, элдин сынынан сынбай өтсө гана таланты жерде калбай, ырчы катары сиңерин биле жүрүшсө...
Толик Сынчы
star@super.kg