Акча маселесинде Тайсондун ысымына байланышкан дооматтардын арты тыйыла элек. Темир Майктын бул жолку курмандыгы польшалык промоутер Томаш Бабилонский болду. Учурда мушкерди сотко берем деп жүргөн Томаш Тайсонду Варшавада өткөн бокс кечесине чакырып, алдын ала 50 миң доллар төлөгөн. Тайсон белгисиз себептерден улам барбай койсо, промоутер жиндене: "Мындай сумманы чогултуу үчүн керек болсо аялымдын эсебиндеги акчалардын баарын алгам. Ишти сот карайт",- дейт. Чоң бокстон кетип, шоу дүйнөсүндө курсак тойгузуп жүргөн Майк эми шоуну таштап, жеңил-желпи акча табуу үчүн шылуундукка өткөнбү?