Жакында англиялык “МЮнун” дарегине шек келтирчү окуя болду. Команданын жаңы дарбазачысы, испаниялык Давид де Хеа Манчестер шаарындагы соода түйүндөрүнүн биринде уурулукка барыптыр. Шоктонгон бала 2 досу менен токоч алып, акчасын төлөбөй кетүүгө камынганда кармалып калды. Негизи, мындайда “ууруларга” үч ай соода түйүнүнө кирүүгө тыюу салынат.
"Дүйнөдөгү эң бай клубдардын биринде ойногон дарбазачыга не жетпейт? Аптасына болжол менен 100 миң доллар алган жигит арзыбаган 1,5 долларлык токоч уурдайбы?" деген ой келген. Ал эми дарбазачынын өзү: “Акчамды машинама унутуп калып, алып келгени чыгып бараткам. Англис тилин билбегендиктен, түшүнбөстүктөр болуп кетти”,- деп актанды.