Жакында карьерасын аяктаган футбол жылдызы Луис Роналдо Нью-Йоркто эс алып жүрүп кайсы бир басылманын фотокабарчысын кырсыктан сактап калды. Окуя белгилүү бир ресторандын жанында болгон. Папарацци-фотограф түшкү тамактануудан чыгып келе жаткан экс-футболчуну кадрга илүү үчүн ыңгайлуу жай издеп, кантип автоунаалар жүргөн чоң жолго чыгып кеткенин байкабай калган. Андайды учурунда байкаган бразилиялык футболчу фотоаппарат менен куралданган мергенчини кырсыктын кокосунан сууруп алды.
Ал эми мушкер Жеймс Тони Москвага келип, орусиялык Денис Лебедев менен беттешине карата маалымат жыйынында опсуз чардады. Ал өз билемдикке салып, өтүгүн төргө илип, агенттиктин кабарчысынан микрофонду жулуп, суроо-жооп жараянын өзү тейледи. Америкалык мушкер 4-ноябрда болчу беттештин алдынан океңдерди “Лебедевиңердин акесин таанытам” деп коркутту. Адатта, орус оюндагысын жасачу, америкалык андан өтүп кеткенби?..