Англиялык "Фулхэм" футболдук клубу швейцариялык 19 жаштагы оюнчусу Пажтим Касамиге 580 евро (40 миң сом) айып такты. Себеби оюнчунун Англия кубогунун алкагында лондондук "Челсиге" пенальтини киргизе албаганы болду. Буга чейин пенальтилерди тээп жүргөн команда капитаны Дэнни Мерфи ал оюнда жок болгондуктан, оюндун 47-мүнөтүндө Касами тээп, бирок киргизе алган эмес. Негизги жана кошумча убакыттар голсуз аяктап, "Фулхэм" жеңишти пенальтилер сериясында 4:3 эсебинде алдырып койгон. Чечимди команданын башкы машыктыруучусу Мартин Йол чыгарып, чанда берилүүчү айып шакирттерине оор эмес экенин айтат. Мисалы, Касами жумасына 9 миң евродон ашык алат. Антсе да Касамиге берилген жаза кай бир оюнчуларды нааразы кылды.