Футбол боюнча Орусия курама командасынын башкы машыктыруучусу Дик Адвокатка орус элинин аракка болгон мыкты табити жаккан окшойт. Дегеним, ал "Евро-2012нин" тандап алуу оюндарынын алдынан билдирүү жасап жатып, журналисттин “Футболчулардын кальян чегүүсүнө кандай карайсыз?” деген суроосуна: “11-октябрда Андорра менен болгон оюндан соң оюнчуларга кальян чегүүгө жана каалаган ичимдигин ичүүгө уруксат берем”,- деп жооп берген.
Эске салсак, Орусия 7-октябрда Словакия менен конокто, ал эми 11-октябрда Андорра менен өз үйүндө ойнойт. Айта кетсек, орусиялыктар 2 оюнда 4 упай чогултса, эмки жылы Украина менен Польшада өтүүчү Европа чемпиондугуна жолдомо алууга жетиштүүлүк кылат.