САУЛЕ

– Сауле, ырдаганды кимден үйрөнгөнсүң?
– Өзүм эле үйрөнүп алгам. Анткени, ырдаганды абдан жакшы көрөм. Телевизордон кыздардын ырдап жаткандарын көрүп, ошолордой болуп ырдагым келчү. Апама “апа, мен да ушулардай болуп эл алдында ырдагым келет” деп айтчумун. Ырларды да тез жаттап алчумун. Анан “Гэйбл” тобунун солисти Бактияр байке “Сауле” деген ырды жазып берген. Алгач сахнага ошол ырым менен ушул жылдын 18-февралында чыккам.
– Сахнада ырдаган сага жагабы?
– Сахнаны абдан жакшы көрөм. Өзгөчө эл көп болуп, катуу кол чабышып, “Сауле” деп кыйкырышып, гүл бергенде кубанам.
Сауле, ырыңа жараша бийлегенди кайдан үйрөн­гөнсүң?
– Бийди мага эч ким үйрөткөн жок. Өзүм телевизордогу клиптерди көрүп эле үйрөнүп алгам. Кээ бир кыймылдарды концертке даярданып жатып, күзгүнүн астында өзүм ойлоп тапкам. Сахнага чыгып, концерттерге катыша баштагандан бери “Центрум” деген бий тобуна кошулуп, алар менен чакырылган жерлерге барып бийлеп жүрөм.
Концерттерден тышкары кайсы жактарда ырдайсың?
– Концерттен тышкары тойлорго көп чакырып калышат. Кээде ырчыларга кошулуп гастролго барып келем.
– Костюмдарыңды ким алып берет?
– Апам менен таенем алып берет. Бирок, өзүм тандайм. Анткени, алардын тандаган костюмдары мага жакпай калат.
Ырдап тапкан акчаңа апаң эмне алып берет?
– Мен каалаган нерсенин баарысын. Көбүнчө балмуздак.
– Сауле, ушул бойдон реп багытында кетем деп ойлойсуңбу?
– Алгач мага реп топтору жаккандыктан, реп ырдай баштаган элем. Кийинки учурда болсо эстрадада ырдоо жага баштады. Балким, эми эстрадада ырдап калам.
Кайсыл ырчыны жактырасың?
– Ырчы жигиттерден Султан Садыралиевди. Ал менин эң жакшы көргөн досум. Султандын күйөрман кыздары абдан көп. Ага тийишип жаткан кыздарды көр­гөндө жиним келип кетет. Анан дагы Султанды бир аптадай көр­бөй калсам сагынып кетем. Ал эми ырчы кыздардан Раллияны жактырам.
Досторуң барбы?
– Бар. Султан, Мирбек, Акбар, Силима.
Булар сенин сахналаш досторуң да, ал эми өзүң курактуу досторуңчу?
– Менин балабакчада да, жашаган жеримде да досторум абдан көп. Мен алар менен кубалашмак, жашынмак ойногонду жакшы көрөм. Бирок, менин кыжырым тез келет. Ошондуктан, бат эле урушуп кетем.
Сауле, сенин улутуң ким?
– Менин атам кыргыз, ал эми апам казак. Бирок, мен таенеме окшошмун. Анткени, таенем абдан сулуу. Ал мага фотомоделдей сезилет.
Белекке эмне алганды жакшы көрөсүң?
– Роза гүлүн, анан ар кандай оюнчуктарды.

Маектешкен Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 193, 14-20-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан