ЖҮЗҮҢДҮ АЧ, КҮЛЧӨТАЙ!

Айтылуу советтик “Чөлдүн аптаптуу күнүндө” (“Белое солнце пустыни”) тасмасын көргөнсүз да. Кызыл аскер Сухов аял кишинин кийимин кийип алган каракчыны “Жүзүңдү ач, Күлчөтай!” деп колго түшүрөт эмеспи. Чоң спортто да аял кишинин образына жашынып чемпион болуп жүргөндөр жок эмес.

ГЕРМАФРОДИТТЕРДИН ДОКУМЕНТИНЕ КАРОО ЖОК!
2004-жылкы Афины Олимпиадасынан тарта транссексуалдар жана жынысын алмаштыргандар бардык деңгээлдеги мелдештерге катышуу укугун алышкан. Мелдешке катышчу транссексуалдар паспортто кандай көрсөтүлгөнүнө карабастан, атайын текшерүүдөн өтүшөт. Ал эми жынысын өзгөрткөндөр, биринчиден, юридикалык каттоосун, экинчиден, операция толук бүткөнүн далилдеген соң гана катыша алышат. Анан да хирургиялык операциядан кеминде 2 жыл убакыт өткөн соң таймаштарга катышууга укук алышат.

ГИТЛЕР МЕКЕНДЕШ КЫЗЫН КАНТИП ЖАЗАЛАГАН?
Үчүнчү жыныстагы спортчуну дүйнө эли алгач 1936-жылы Берлин Олимпиадасында көргөн. Анда немис кызы Дора Ратьен бийиктикке секирүү боюнча 4-орунду алат. Анын транссексуал экени белгилүү болгондо аны эркек экен деген көпчүлүк “спортту алдамакпы?” дешсе, кай бирөөлөр табигый кубулуш экенин түшүнгөн. Олимпиада комитети анын жетишкендигин жокко чыгарса, стадиондо Олимпиада оюндарын көрүп отурган Германиянын рейхсканцлери Адольф Гитлер “түшүнүксүз” спортчуну фронтко айдоого буйрук берген.

ХАЙДИ КРИГЕР АЛГАЧ КЫЗ, АНАН ЧЕМПИОН БОЛГОН
Германиялык спортчу Хайди Кригер 1986-жылы ядро ыргытуу боюнча Европа чемпиону болуп, бүтүндөй Германиянын ишенимине айланат. Уюштуруучулар аз убакытта мындай спортчу калыптанып чыгарынан күмөн санашып, изилдөө жүргүзүшөт. Көрсө, Хайди медициналык каражаттарды колдонуу менен эстрогенге (ургаачы гормон) ээ болгон экен. Адаттан тыш жоругу кийин гана ачыкка чыгып, бирок анда толук кандуу аял болгону белгилүү болгон. Учурда ал Андреас деген ат менен жүрөт.

СЕМЕНИНИН АЙЫБЫ КОШ ЖЫНЫСТУУЛУГУНДА ЭМЕС
2009-жылы түштүк африкалык Кастер Семени Берлинде өткөн жеңил атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугунда 800 метр аралыкка чуркоодо чемпион болгон. Дене түзүлүшү эркектикиндей, бирок назик үндүү 19 жаштагы кыз Эл аралык жеңил атлетика федерациясынын көңүлүн буруп, текшерүүгө алынат. Жыйынтыгында үчүнчү жыныста болуп чыгып, аны медалынан ажыратмакчы болушат. Ишке ЮАРдын жетекчилиги жана укук коргоочулары аралашып, “табиятынан ушундай жаралганы үчүн ал күнөөлүү эмес” деп чемпиондук наамын сактап калышкан.
Бирок айтылган айың кептер жана талаш-тартыштардын таасиринен спортчу стресске кабылат. Жанын кыюу үчүн көп жолу аракет жасап, дарыгерлер далай жолу өлүмдөн алып калышкан.

АЗИАДАДА АЛТЫН ҮЧҮН КЫЗГА АЙЛАНГАН ЭРКЕК
Индиялык жөө күлүк Санти Соундариан 2006-жылы Дохадагы Азия оюндарында 800 метрге чуркоодо күмүш медаль уткан. Кубанычына аз убакытта чек коюлуп, медалынан ажырап калган. Себеби Эл аралык жеңил атлетика федерациясы анын эркек экенин билдирген. Тагдырына таарынып келген Санти өз жанын кыям дегенде жакындары жан соогалап келишет. Учурда ал машыктыруучу.

ЭРКЕК ЖЕҢИЛСЕ, КЫЗ БОЛУП КАЛАБЫ?
2009-жылы ММКлар германиялык жаш теннисчи Сара Гронерт тууралуу: “Жыныстык текшерүүгө алынышы керек. Анын кыз болуп чыгары күмөн. Андыктан спорттук карьерасы токтойт”,- дешкен.
Сара гермафродит (бир эле учурда эркек жана аялдын жыныстык белгилерине ээ болгон организм) болуп төрөлгөн. Кийин ата-энеси операция аркылуу анын эркектик органдарын алдырып салат да, аны кыздай тарбиялап, юридикалык жактан кыз деп каттатышкан. “Теннисти аялдар менен эмес, эркектер менен ойносун” деп көп арызданышчу. Сарадан утулган бир теннисчинин машыктыруучусу ачык эле: “Сара эркекке тиешелүү күчкө жана жөндөмгө ээ. Аны мелдештен чыгаруу керек”,- деген уюштуруучуларга. Бирок ал карьерасын улантып келет.

КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР

  • Олимпиада оюндарында жыныстык көзөмөл алгач 1968-жылы Мехикодо болгон. “Сидней-2000” оюндарынын астында Эл аралык Олимпиада комитети аны аялзатына сыйды жоготот деп токтоткон. Каршылаш тарап арызданганда же жетекчилик шек байкаганда гана текшере башташкан.
  • Статистика боюнча жер бетинде жашаган ар 20 миң кишинин бири гермафродит экени аныкталган.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 466, 7-13-октябрь, 2011
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан